Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Чехияда орус “хакери” кармалды


Хакер деп шектелген орус жараны камакка алынган учур. 18-октябрь, 2016-жыл.
Хакер деп шектелген орус жараны камакка алынган учур. 18-октябрь, 2016-жыл.

Чехияда хакер деп шектелген орус жараны кармалды. Чех полициясы кармоону АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР менен кызматташтыкта жүргүзгөн.

Бул окуя расмий Вашингтон Орусияны быйылкы президенттик шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютерлик серверлерине жасалган хакердик чабуулдардын артында турганы үчүн айыптагандан кийинки учурга туш келди.

Чех полициясы камакка алынган орус жаранынын толук ысымын жарыялаган жок.

Полиция кеңсеси тараткан видео тасмага караганда, Евгений Н. ысымдуу жигит Прагада өзү токтогон кымбат баалуу мейманкананын жанындагы ресторандан кармалган:

FBI: Хакердик чабуул аракети жасалды

FBI: Шайлоочулар системасына хакердик чабуул аракети жасалды

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (FBI) директору Жеймс Коми өлкөнүн шайлоочуларды каттоо системасына сырттан кийлигишүүнүн жаңы аракети болгонун билдирди.

- Бул адам Прагада люкс автоунаада курбу кызы менен бирге жүргөн. Камакка алуу ал үчүн күтүүсүз болду жана эч кандай каршылык жасаган жок. Кийинчерээк ал кулап калганына байланыштуу полицейлер биринчи жардамды көрсөтүп, кыска убакыт ооруканада болуп чыкты,- деди 19-октябрда чех полициясынын өкүлү Йозеф Бочан кабарчыларга.

АКШдагы компьютердик түйүндөргө хакердик кылган деп шектелген орусиялыкты кармоо алдында эл аралык Интерпол уюму ал тууралуу кызыл эскертүү да чыгарган экен.

Камоо полициянын расмий маалыматында айтылгандай, АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР менен жүргүзүлгөн кызматташтыктын натыйжасы. Шектүү эми АКШга экстрадицияланабы же жокпу, бул маселе чех сотунун бүтүмүнө жараша болот.

Орусиянын Чехиядагы элчилигинин кызматкери Алексей Колмаков “Интерфакс” агенттигине алар орус жараны Орусияга өткөрүлүп берилүүсүн талап кыла турганын билдирди.

АКШдагы компьютерлерге хакердик кылган деп шектелген орусиялыктын Чехиядан кармалышы, расмий Вашингтон Орусияны мына ушундай аракеттерге барды деп алгач ирет ачык айыптагандан кийинки учурга туш келди.

Улуттук чалгын боюнча директордун кеңсеси жана Ички коопсуздук департаменти 7-октябрда тараткан билдирүүдө "Жеке адамдар менен топтордун, анын ичинде Демократиялык партиянын электрондук каттарын уурдоого орус өкмөтү багыттаганы ишенимдүү жана мындай аракеттерге Орусиянын жогорку кызмат адамдары гана буйрук бере алышы мүмкүн" деп айтылган эле:

Путин АКШнын айыптоосун четке какты

Путин АКШнын айыптоосун четке какты

Орусия президенти Владимир Путин АКШнын киберчабуулдар боюнча айыптоосун четке какты. Путин Орусияга каршы билдирүүлөрдү «америкалык аткаминерлердин кыянаттыгы» деп атады. Орус президентинин жүйөсүндө, мунун баары эки тараптуу мамилеге залакасын тийгизип жатат:

- Силер билгендей биз контрчалгындоодогу тергөөчүлөрбүз аркылуу орусиялыктарды биздин шайлоого илешүүгө эмне түрткү бергенин түшүнүү үчүн бир топ иш жасап жатабыз, - деген эле ФБРдин директору Жеймс Коми 28-сентябрда Конгрессте түшүндүрмө берип жатып.

АКШда орусиялыктар шек саналган хакердик чабуулдар адегенде быйыл июлда, шайлоо курултайды утурлай Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин компьютерлик серверлерине жасалып, андан электрондук каттар уурдалган болчу. Кийин айрым штаттарда шайлоочуларды каттаган системаларга да хакердик чабуулдар жасалган.

Киберкоопсуздук боюнча жеке фирмалардын иликтөөлөрүнө таянып, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон баш болгон саясатчылары бул үчүн башында эле Орусияны ачык айыпташкан.

Ал эми Республикалык партиянын талапкери, Москва менен мамилени оңдорун айтып жаткан Дональд Трамп мындан шек санаган. Орус бийликтери болсо Вашингтондун айыптоолорун “абсурд” деп атап, четке кагып келүүдө:

- Бул Орусиянын кызыкчылыгында деп туталанып баштады. Орусиянын эч кызыкчылыгы жок. Чуу чыгаруунун жалгыз себеби Америка элинин көңүлүн хакерлер шардана кылган нерселерден алагды кылуу. Муну маңызы коомдук пикирди манипуляциялоо. Бул тууралуу эч ким эч нерсе айтпайт. Бардыгы да ким жасады деп жатышат. Ким жасаганы ушунчалык эле маанилүүбү? Маанилүүсү ошол маалыматтын ичиндегилер, - деген президент Путин 12-октябрда Москвадагы инвестициялык форумда сүйлөгөн учурунда.

Өзү Орусия менен алака жана анын келечеги АКШнын быйыл 8-ноябрда өтүүчү президенттик шайлоосунун борбордук маселелеринин бирине айланып калды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG