Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Пентагон жаңы медал чыгарды


Президент Обама сержант Артур Петриге "Эрдик медалын" тагууда. 12.07.2012

Президент Обама сержант Артур Петриге "Эрдик медалын" тагууда. 12.07.2012

АКШнын Коргоо министрлиги согуш майданынан миңдеген чакырым алыста туруп, пилотсуз учактарды башкарган жана интернет мейкиндигинде кибер-согуштарда жоону жок кылган аскерлерди сыйлоо үчүн жаңы медаль чыгарды.

Жаңы медаль «Согуштук операциялардагы артыкчылыгы үчүн” (Distinguished Warfare Medal) деп аталат. Бул согушта баатырдык көрсөткөн же башкалардан айрымаланган эрдик жасаган аскерлерге Пентагон ыйгарчу 1944-жылы чыгарылган “Коло жылдыз” медалынан кийинки экинчи сыйлык болуп саналат.

АКШ Коргоо министри Леон Панетта жаңы медалдын зарылдыгын согушту жүргүзүүнүн ыкмасы жаңы технологияларга байланыштуу олуттуу өзгөргөнү менен негиздеди: “Медаль согуштук операцияларга түздөн түз таасир эткен, бирок физикалык тобокелдик же эрдик менен байланышпаган албан жетишкендиктерди бөлүп көрсөтүүгө жана кеңири таанууга негиз болот".

Пентагон буга чейин согуш майданында теңдешсиз эрдик көрсөткөн, урушта көп душманды катардан чыгарган аскерлерди “Коло жылдыз” медалы менен сыйланчу. Бул медаль 1944-жылдан бери ыйгарылат.

Жаңы медаль америкалык аскерлер жоо менен согуш майданында беттешпестен эле, анын жүрүшүн пилотсуз учактын же интеренет ресурстардын жардамы менен өзгөртө алаарын күбөлөйт. Пентагон эчактан бери Пакистан, Ооганстан, Ирак, Йемен жана башка жерлерде террорчу деп шектелген согушкерлерге каршы, ошондой эле террорчулардын башчыларын жок кылууда пилотсуз учактарды колдонуп жүрөт.

Леон Панетта 13-февралда Пентагондогу жыйында согуштук операциянын ийгилигин майдандан алыс жайда отурган жана жаңы техниканы башкарган аскерлер аныктап калганына өзгөчө көңүл бурду:

“Мен Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) директору жана коргоо министри болуп жүрүп, согуштун мүнөзүн өзгөртчү алыстан башкарылчу пилотсуз аппараттар жана кибер-системалар өңдүү жаңы технологияларды жанынан көрдүм. Алар биздин аскерлерибизге алыстан туруп эле жоону таап, салгылаштын багытын өзгөрткөнгө мүмкүндүк берет. Мен алардын күнү-түнү тыным албаган теңдешсиз эмгегин көргөндөн кийин бул өз баасын алыш керек деп жүргөм.”

Пилотсуз учактар террорчулук кылды же террордук чабуулду даярдоодо деп шектелген америкалык жарандарга каршы да колдонулган деген маалыматтардан улам АКШ өкмөтү кийинки кезде катуу сынга алынууда. Себеби буга каршы көз караштагылар бутага алынган адамдардын күнөөсү сотто тастыкталыш керек дешет.

АКШ бийликтери соңку мезгилде эбегейсиз кибер-чабуулдар Американын компьютерлешкен коргоо системасын “шал кылуу” коркунучу өсө баштаганын эскерткен. Президент Барак Обама да 12-февралдагы жылдык кайрылуусунда Американын душмандары АКШнын энергетика тармагын, финансылык мекемелерин жана аба жол каттамдарынын ишин чакчелекей кылуунун амалын издеп жатканын эскертти. Ага удаа эле АКШ өкмөтү менен улуттук компаниялардын интернет системасын кибер-шпионаждан жана башка чабуулдардан, маалымат коопсуздугун бекемдеген токтомго кол койду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG