Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Мусулман өлкөлөрүндөгү нааразылык толкуну


Исламабадда АКШ элчилигине жетүүгө аракеттенгендердин жолун полиция тороодо. 14-сентябрь, 2012-жыл.
Исламабадда АКШ элчилигине жетүүгө аракеттенгендердин жолун полиция тороодо. 14-сентябрь, 2012-жыл.

Исламга каршы тасмадан улам мусулман дүйнөсүндө нааразылык акциялары 14-сентябрда да уланды.

Жеке адамдар тарабынан анчалык деле көп каражат коротулбастан даярдалган, “Күнөөсүз мусулмандар" деп аталган тасманын үзүндүлөрү интернетке чыккандан бери АКШнын Каирдеги элчилиги алдында өтүп жаткан демонстрацияларга бүгүн төрт күн болду.

Египеттен башат алган

Өкүлү азыр президенттик кызматта турган “Мусулман агаиндер” кыймылы жума күнгө бүткүл Египет боюнча тынч жүрүштөрдү уюштурууга чакырган эле. Демонстранттар менен полиция күчтөрү элчилик жанында бүгүн да кагылышты. Аларды таратуу аракетинде полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Буга чейин Египеттин борборунда 13-сентябрдагы демонстрация учурундагы кагылыштардан 220дан ашуун киши жаракат алган.

Бахрейн
Бахрейн
АКШнын узактан бери стратегиялык өнөктөшү катары саналган, бирок бийликте азыр башка саясий күчтүн өкүлү турган Египеттеги антиамерикалык толкундоо расмий Вашингтонду да камтамага салгандай.

Президент Барак Обама бейшемби күнү Египеттин өкмөтү АКШ элчилигин коргоого олуттуу маани берет деп күтөрүн белгиледи:

- Мен биз Египеттин өкмөтүн союздаш катары карайбыз деп ойлобойм. Бирок душман деп эсептебейбиз. Алар - өз жолун табууга аракеттенген жаңы өкмөт. Азыркы кырдаалда биз алардан, албетте, биздин элчилик, биздин кызматкерлер корголуусу керек деген талабыбызга жоопкерчилик менен карайт деп күтөбүз. Эгер алар биздин элчиликтерибиз бар башка өлкөлөр сыяктуу бул жоопкерчиликти алгыдай кадам жасабай турганын ишара кылышса, бул, менимче, чоң проблема болот.

Айрым баяндамачылар президент Барак Обаманын бул сөздөрүн Египеттин азыркы бийлигине эскертүү, президент Мохаммед Мурсинин өкмөтү элчиликти коргоо үчүн жеткиликтүү чара көрбөгөнүнө Вашингтондун белгилүү бир нааразылыгы катары чечмелешти.

Мунун алдында, Ак үй билдиргендей, Обама Мурсиге телефон чалып, АКШнын Египеттеги жайлары менен кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого чакырган. Мурси өз кезегинде мамлекеттик сыналгыдан сүйлөгөн учурунда египеттиктерди чет өлкөлүк элчиликтерге кол салбоого үндөдү.

Египет
Египет
Мусулман дүйнөсүн тополоңго түшүргөн тасманын кандайча жаралганы боюнча толук аныктык жок. Анын чыгышына Египеттен АКШга иммигрант болуп келген коп христиандар менен катары евангелист христиандардын да тиешеси бардай.

Демонстранттар “Күнөөсүз мусулмандар” деген ат менен чыккан тасма Мухаммед пайгамбарды көз-көрүнөө келекелейт деп ачууланышууда. Египетте көчөгө чыккандардын бири Абдулла Ибрахим Мухаммед:

- Биз Мухаммед пайгамбарыбыз кемсинтилишине эч убакта макул боло албайбыз. Мусулмандарды эске албаганда, дүйнөнүн бардык жеринде эркиндик бар. Мусулмандар террорчу катары көрсөтүлдү. Алар бизге өз эркиндигибизи ыраа көрбөй жатышат.

АКШ администрациясынын туруму

“Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, АКШ администрациясы фильм антиамерикалык толкундоолорду жараткандан бери эки ойду айтып жатат.

Биринчиси, өкмөттүн ал видеого тиешеси жок. Экинчиси, кыянатчылыктар кабыл алууга боло турган жооп эмес.

Египет
Египет
Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бейшембиде Вашингтондон сүйлөгөн учурунда фильмди “максаты улуу динди каралоону, кыжырдануу жаратууну” көздөгөндөй деп айыптап, буларга токтолду:

- Мен азыр кээ бир адамдар эмне үчүн АКШ мындай айыптоого татырлык видеолордун чыгып кетишин токтото албаганын же алдын албаганын түшүнүү кыйын болуп турганын билем. Белгилеп кетейин, азыркы дүйнөнүн заманбап технологиялары учурунда бул мүмкүн эмес. Биздин өлкө сөз эркиндигинин Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген узак салтына ээ жана биз жеке адамдар ой-пикир билдирүүүсүн канчалык жагымсыз болсо да токтотпойбуз.

Нааразылыктын географиясы кеңейди

Египеттен тышкары жума күнү Судандын борбору Хартумда демонстранттар Германия элчилигинин короосуна кирип, өрт коюшту жана айнектерди талкалашты.

Ал эми Британиянын элчилигине чабуул жасаган демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Йемендин борбору Санада АКШ элчилигине жетүүгө аракеттенген бир нече жүз демонстрантты полиция суу чачып, эскертүү иретинде ок атып токтотту. Шаардын башка бөлүгүндө фильмди айыптаган, жума намазды коштогон тынч митингге оң миңдеген адам катышты.

Иран
Иран
Ал эми Индонезияда, АКШ элчилигинин сыртында 200дөй адам "Америкага өлүм" деп кыйкырып турушту. Ирактын Басра шаарында бүгүн жүрүшкө чыккандар АКШ менен Израилдин желектерин өрттөштү. Ирактагы жүрүштө АКШ товарларына, компанияларына бойкот жасоо чакырыктары айтылды.

Жүздөгөн адам катышкан демонстрация бүгүн Малазияда да өттү. Исламабадда демонстрацияга чыккандар АКШ элчилигин көздөй жүрүш жасашса, Тегеранда чогулгандар АКШнын Ирандагы иштерин аткарган Швейцариянын элчилиги астына барышты.

Фильмди айыптаган нааразылык жүрүштөрү буга чейин Тунисте, Суданда, Мароккодо, Бангладеште, Иранда, Кувейтте, Иракта болгон.

Кечээ АКШнын Йемендеги элчилигине чабуул жасалып, полиция менен демонстранттардын кагылышынан үч адам өлүп, 30тай киши жаракат алган. Ага чейин Ливиянын Бенгази шаарында АКШ консулдугуна кол салынганда, америкалык элчи Кристофер Стивенс менен кошо төрт дипломат каза табышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG