Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Обама: Украина менен Сирия Орусиянын таасиринен чыгууда


Барак Обама, 13-январь, 2016-жыл
Барак Обама, 13-январь, 2016-жыл

АКШ президенти Барак Обама Конгресске салтка айланган жылдык кайрылуусун жасады.

Барак Обама президенттик мөөнөтүндөгү Конгресске акыркы жолку жылдык кайрылуусун жасады. Обама өз мөөнөтүндө жасалган иштерди алдын ала жыйынтыктап, келечекте Кошмо Штаттардын алдында турган узак жылдык тапшырмаларга токтолду. Жети жыл мамлекетти башкарып турганда АКШ экономикалык каатчылыктан чыгып, медициналык камсыздоо реформасы ишке ашып, "жашыл" экономиканын негиздери түптөлгөнүн белгиледи.

Президент Обама Кошмо Штаттардын алдында төрт кардиналдуу тапшырма турганын белгиледи: 1) экономикада бардык жарандарга тең мүмкүнчүлүк берүүнү камсыздоо, 2) технологиянын жардамы менен рак сыяктуу коркунучтуу илдеттерди айыктыруу жана климаттын өзгөрүүсүн токтотуу, 3) Кошмо Штаттардын дүйнөлүк көзөмөл жүргүзүүчүгө айлануусун токтотуу, 4) Америкалыктар ар кыл маселелерди саясатка айлантпай цивилизациялык жол менен чечүүнү үйрөнүүсү керек.

"Америка бүгүн жети жыл мурункуга караганда көп ажырымга батты, бул менин президенттик мөөнөтүмдөгү көңүл ооруткан нерселердин бири" деп белгиледи Обама. Президент өз кызматтык мөөнөтүндө демократтар менен республикачылар ортосундагы араздашууну жөнгөрө албаганына өкүнөрүн айтты. Обама республикачылардын президенттике талапкерлеринин мусулмандарга каршы айткандарын сындап, бул америкалык идеяга шек келтирерин белгиледи.

"Саясатчылар четтеги же биздин мусулман жарандарыбызды кемсинтип, бүлдүргүчтөр мечитке бастырып кирип барып жатса, өлкө кантип коопсуз болот. Бул туура эмес, бул бизди дүйнөгө уят кылып, биздин максаттарыбызга жетүүнү оорлотот. Биздин улут катары кадыр-баркыбызга шек келтирет”.

Обама cоңку жылдык кайрылуусун жасады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

58 мүнөткө созулган сөзүндө Орусияны бир нече жолу оозанып, Кремль маанилүү экономикалык маселелерди чечүүнүн ордуна Сирия сыяктуу өлкөлөргө жардам берем деп ансыз да тартыш каражатын коротуп жатканын айтып кетти. Украина менен Сирия Орусиянын таасиринен чыгып жатканына басым жасады.

Обамынын айтуусунда, Америка үчүн жаңы коркунуч “жамандыктын жасоолу” эмес, каз-каз тура албай жаткан өлкөлөрдүн көйгөйү болууда. Мисал катары ал Орусиядан сырткары Кытай экономикасынын көйгөйү дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизип, Жакынкы Чыгыштагы уруш-жаңжалдардын ушул кезге чейин тыйылбай, күчөп жатканын айтты.

АКШ лидери маанилүү эл аралык маселелер көтөрүлүп чыкканда дүйнө эли Бээжин менен Москвага карабастан, Америкага үмүт артарын белгиледи. Ошону менен катар ал АКШнын азыркы абалына оптимисттик баа берип, соңку жылдары жакшы жагына өзгөрүп, коопсуз болуп калганын, экономикасы кыйла бекемделгенин белгиледи.

Барак Обама америкалыктардын алдында бир нече масштабдуу милдеттер турганына токтолду. Алардын катарында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жок кылуу маанилүү экенин ырастады.

Конгрессти Кубага каршы соода эмбаргосун толук жоюп, дүйнө жүзүндө рак илдетине каршы күрөшүү үчүн кеңири кампания баштоого чакырды.

АКШдагы жаңы президенттик шайлоо быйыл ноябрга белгиленген. Буга чейин эки жолу президенттикке шайланган Барак Обама эмки шайлоого катыша албайт. 2017-жылдын 20-январында президенттик мөөнөтү расмий аяктайт.

XS
SM
MD
LG