Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Обама эмнеси менен эсте калат?


20-январда эки жолку президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Барак Обама, албетте, биринчи кезекте АКШнын алгачкы афро-америкалык лидери катары тарыхта калат.

2009-жылдын январында ал Вашингтондо ант берип, кызматына киришкен алгачкы күнү кычыраган суукка карабай, Американын башкы аянтынын тегерегине 1,5 миллиондон көп киши чогулган. Дагы он миллиондогон адамдар ар башка өлкөлөрдө Обаманын инаугурациясына теледен көз салып турушкан.

Анткени алгачкы афро-америкалык президент "Биз коркунучтун ордуна үмүт жандырабыз" деп ишеничтүү айтканы Америкада эле эмес, башка өлкөлөрдө да жакшы ниет, жылуу сезим жараткан. Ошо дүйнө коомчулугун толкунданткан үмүттөр акталдыбы? Адамдардын жашоосу мурдагыдан тынч, бейкам боло түштүбү?

Барак Обама балдар менен жолугууда. 31-октябрь, 2016-жыл
Барак Обама балдар менен жолугууда. 31-октябрь, 2016-жыл

Азыркыга чейин АКШнын төрт президентине тынчтык жаатындагы дүйнөлүк Нобел сыйлыгы ыйгарылыптыр. Далай жылдык эмгеги бааланган мурунку кесиптештеринен айырмаланып, Барак Обама андай сыйлыкка президенттик мөөнөтү жаңыдан башталган 2009-жылы татыганы анын өзүн да абдан таң калтырган. Эл аралык коомчулуктун илгери үмүтүнүн күчтүү толкуну Нобел комитетин да кыйгап өтпөптүр, "кайсыл эмгеги үчүн сыйланды?" деген суроого "жакшылыктан үмүттөндүргөнү үчүн" деген таризде жооп беришкен эле.

Американын өзүндө Барак Обаманын рейтинги азыр жаман эмес, соңку маалыматтар боюнча жумушсуздук абдан төмөндөп, биржаларда акциялар көтөрүлүп, бай компаниялар менен миллионерлердин капчыгы калыңдап турган кез. Obamacare деген атка конгон медициналык камсыздандыруу системасын реформалоо акты далай талаш-тартыштарга жем таштап келатса да, Америкада бул система медициналык камсыздандырууга колу жетпеген калктын санын мурунку 16%дан азыркы 9%га азайтканын эч ким тана албайт. Дагы бир ийгилиги - 2008-жылкы эл аралык экономикалык кризистин капшабын акырындап алсыратып, автомобил өндүрүшү сыяктуу алдыңкы тармактарды банкроттон сактап калды.

Обама АКШнын саясий элитасынын жалпы образын өзгөртүп, космополиттик (бир улут, же расага байланбаган) жаңы стереотип жаратууга көп аракет жасады. Вашингтондук белгилүү журналист жазгандай, ал "ак Американын жүрөгүндөгү караңгы тактарга каршы күрөштү". Кантсе да, Барак Обама саясий маданияттагы либералдуулук принцибин катуу карманып, бийликтеги сегиз жыл бою элине, анын ичинде бизге окшогон журналисттерге абдан жакын саясатчы болду.

Барак Обама жубайы Мишел Обама менен. 20-январь, 2009-жыл
Барак Обама жубайы Мишел Обама менен. 20-январь, 2009-жыл

Америкада үч киши, же андан көбү кырсыкка учурап, ар кандай кол салуудан жабыр тарткан учурда бир саат ичинде эл астына чыгып билдирүү жасап, окуя болгон жерге жетип барып кайгыргандарга көңүл айтып жанында турду. Эли кайгырса кошо кайгырып көзүнө жаш алды. Ар түрдүү телешоуларга катышып, бийлеп, ырдап, тамашалашкан жагынан мурдагы президенттердин баарын артта калтырды. Бир дагы журналистти сотко берген жок. Барак Хусейн Обама жана анын жубайы Мишел Обаманы журналисттер, саясатчылар, бош убактысын социалдык тармактарда өткөргөндөр, жөн эле бугун интернеттен чыгаргандар кандай гана сындабады, кандай гана жаман сөздөр менен шыбабады, атабады, бир да кишини сотко берген жок, мени жамандады, шылдыңдады, мазактады деп коомчулук астында арызданып даттанган да жок.

Көпчүлүктүн эсинде Обама эки кызынын мээримдүү атасы, Мишел экөө бактылуу жубайлар катары калышат.

Тилекке каршы, дүйнөлүк аренада далай үмүт-тилектер аткарылбай калды. Ирак, Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылып, саны азайтылгандан кийин тынчтык орномок турсун, элдин үшүн алган "Ислам мамлекети" террордук кыймылы баш көтөрүп, Сирия менен Иракта согуш оту токтобой, миңдеген бейкүнөө адамдар набыт болду. Диктатура кулатылды деп майрамдалган Ливияда саясий туруксуздук уланууда. Иран, Куба тарапта дипломатиялык жылыш жасалды. Бирок Украина, Крым боюнча саясатынан бир кадам артка тартпаган орус президенти Путиндин өз өлкөсүндөгү популярдуулугу өсүп, Батыш тарап санкциялар менен ар тараптан тушаса да, азыр эми Сирия маселесинде башкы оюнчуга айланды. Согуш аймактары кеңейгендиктен, тынч жашоо издеген качкындар, мигранттар маселеси болуп көрбөгөндөй курчуп, Америка баш болгон батыш мамлекеттеринде аларга каршы риторика сайран куруп жаткан кез.

Ички жана тышкы саясатта Барак Обама жалгыз өзү көп нерсени чече албайт деңизчи. АКШдагы саясий система бардык бийлик бутактарын бекем чырмалыштырып, бири-бирин көзөмөлдөп, ооздуктап тургудай кылып түзүлгөн. Ошентсе да, азыр эми көпчүлүктү таң калтырып, Америкадагы эң башкы кызматка миллиардер Дональд Трамптын шайланганы да - Барак Обаманын сегиз жылдык бийлигинин туундусу, жыйынтыгы. Трамп эми өзү убада кылгандай "тоону томкоруп, ойду омкорсо" да, ага жакынкы жылдары Нобел сыйлыгы берилбейт деп гана ишеничтүү айта алабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG