Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

АКШ Пакистандан кечирим суроо эртелик кыларын айтат


Вашингтон 24 жоокердин НАТОнун аба соккусунан мерт болуусуна байланыштуу Пакистандан кечирим суроону четке какты.

Ак үйдүн өкүлү Жей Карнинин 1-декабрда айтканына караганда, Барак Обаманын администрациясы пакистандык жоокерлердин трагедиялык өлүмү үчүн Исламабадга көңүл айткан.

Азыр бул окуя боюнча АКШ баштаган аскерий тергөө уланып жатат. Андыктан Ак үйдүн Пакистандан кечирим суроо же сурабашы максатка ылайыктуулугу жөнүндөгү маселени кароосу эртелик кылат:

Жей Карни
Жей Карни
- Биз чынында эмне болгонун
иликтөөнүн ортосундабыз. Тагыраак айтканда, иликтөөнүн баштапкы баскычтарындабыз. Андыктан, менимче, трагедиялуу жагдайда кыйылган адам өмүрлөрү үчүн чын жүрөктөн көңүл айтуу биздин, президенттин, өкмөттүн сезимин жана Пакистан менен алакабыздын маанилүүлүгүн чагылдырып турат.


Пакистан 26-ноябрда Ооганстан менен чектеш Моманд деген жердеги көзөмөл бекетте өз аскерлеринин соккуга кабылуусу атайлап эле жасалган агрессиялык аракет деп ырастайт.

Бирок бул ырастоону АКШнын жана НАТОнун аскерий өкүлдөрү четке кагып, аба соккусу ал жерде кимдер бардыгын билбестиктен улам жаңылыш жасалып калуусу мүмкүндүгүн белгилешет.

Америкалык Wall Street Journal басылмасы 2-декабрдагы санында америкалык расмий өкүлгө шилтеме берип жазгандай, пакистандык расмий өкүлдөр НАТОнун аба соккусуна ал аймакта өз жоокерлери бардыгынан шек санабай туруп, уруксат берген. Аба соккусу ошол аймакта талибдерди издеп жүргөн америкалык аскерлер чек аранын Пакистан тарабынан аткылоого кабылганда болгон. Ага чейин пакистандык расмий өкүлдөр менен байланышта сокуу урулган аймакта алардын жоокерлеринин бар-жогу такталган.

Пакистандан Ооганстанга өтчү "Торхам" өткөрмө бекети убактылуу жабылды. 28.11.2011
Пакистандан Ооганстанга өтчү "Торхам" өткөрмө бекети убактылуу жабылды. 28.11.2011
​Пакистандын АКШ жана НАТО менен мамилеси соңку апталарда начарлап кетти. Пакистан аскерлерди мерт кылган аба соккусуна жооп кылып, НАТОнун Ооганстанга багытталган жүктөрүнүн өтүшүнө тыюу салды.

Ошондой эле Ооганстандын келечеги боюнча келерки аптада Германиянын Бонн шаарында өтө турган эл аралык конференцияга катышпай турган болду.

Мындан сырткары Пакистандын өзүндө айрым өңүттөрү ачыкка кеткен кызматтык кат боюнча бир топ талаш-тартыштар орун алууда. Кызматтык катта Пакистандын жарандык бийликтери өлкөдө ыктымал делген аскерий төңкөрүшкө жол бербөө үчүн АКШдан жардам алууга умтулуп, анын акысы үчүн айрым маселелерде чегинүүгө барары болжолдонгон.

Пакистандын АКШдагы мурдагы элчиси Хусеин Хаккани бул чуулгандуу каттын ээси деп айыпталууда. Маалыматтарга караганда, ушул бейшембиден тарта анын өлкөдөн чыгуусуна бийликтер тыюу салды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG