Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

Ташкент Вашингтондун террорчулукка каршы күрөшүүдө жаңы шеригине айлана тургандыгы айтыла баштады.


АКШ жана Өзбекстан президенттеринин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин Ташкент Вашингтондун террорчулукка каршы күрөшүүдө жаңы шеригине айланышы мүмкүн деген түкшүмөлдөр айтыла баштады. Анын үстүнө акыркы кезде Комшо Штаттары менен Пакистандын мамилелери сууп кеткендиги байкалат.


28-сентябрда Ак Үй президент Барак Обама Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримовго телефон чалып, коңшу өлкөнүнүн эгемендигинин 20 жылдыгы менен куттуктаганын тастыктады. Эң кызыгы - Өзбекстан күнкөрсүздүк күнүн 1-сентябрда белгилейт. Президент Обаманын куттуктоосу 3-сентябрда кечигип жетип, анда эки улут ортосундагы мамилелер мындан ары өнүгөт деп айтылат.

Эки президент сүйлөшкөн күнү укук коргоочу уюмдар АКШны Каримовдун өкмөтүнө аскерий жардам берүү планын жандандырбоого үндөшкөн. Укук коргоочулар өзбек бийлиги саясий опоненттерине кыйноолорду колдонуп, пахта талаасында жаш балдардын эмгегин пайдаланып жатканын айтып, ал үчүн расмий Ташкентти айыпташат.

Пакистан аркылуу өткөн НАТО кербенине кол салуу, 27-сентябр, 2011-жыл

Президенттердин баарлашуусу ошондой эле Пакистан менен араздашуулардын айынан Вашингтон террорчулукка каршы күрөшүүдө стратегиялык алакаларын кайра карап чыгууга мажбур болуп жаткан учурга дал келди.

Орусия жана КМШ боюнча аналитик Лилит Геворгяндын пикиринде, АКШ Ооганстандагы аскерлерине жүк ташуу үчүн Пакистанды аралап өтчү жолдорду алмаштыра турган башка каналдарды издеп жаткандай:



- Пакистандагы окуялардан улам, АКШ менен НАТО жетектеген күчтөрдүн башка мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатышы табигый көрүнүш. Соңку жылдары Пакистандагы жолдор кооптуу жана бейстабилдүү экенине күбө болуудабыз. Мындай жагдайда, АКШ жана НАТО Борбор Азиядагы жолдорду караштырууда.

2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдардан кийин Вашингтон Өзбекстан менен Кыргызстанда аскерий базаларын жайгаштырган. 2004-жылы АКШнын ошол кездеги коргоо министри Доналд Рамсфелд президент Каримов менен жолугушуудан кийин кызматташтыктын өнүгүп жатышын кубаттап, Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндөгү тынчсызданууларды четке каккан. Рамсфелд Вашингтон башка өлкөлөр менен мамилелерин бир эле багытта негиздебейт деген.

2005-жылы Анжиянда элдик демонстрациялар кандуу кыргынга алып келгенде АКШ өз саясатын кайра карап чыгууга аргасыз болгон. Вашингтондогу Ак үй окуянын эл аралык комиссия тарабынан иликтенишине чакырык таштады эле, өзбек бийлиги Ханабаддагы америкалык базаны чыгарып кетүүнү талап кылган.

АКШ Башкы аскер башкармалыгынын командири генерал Жеймс Мэттис Ташкенде, 2010-жылдын 15-ноябры

“Ушу тапта АКШнын Өзбекстанда базасы жок. Салыштырып айтканда, кошуна Кыргызстан, албетте, алда канча маанилүү. Бирок потенциал же болочок мүмкүнчүлүктөрү жагынан Өзбекстандын маанилүүлүгү да жогору. Манастагы базага караганда Өзбекстан жакшы шарттарды, Ооганстанга кургактан өтчү жолдорду сунуш кыла алат. Транспорттоо чыгымдары Кыргызстандагыга караганда арзаныраак болот”, - дейт аналитик Геворгян.




Өзбекстан менен аскерий жаатта кызматташтыкты жандандыруу үчүн АКШ бир катар кадамдарды жасоого тийиш. Алсак, Сенаттын тиешелүү комитети өткөн аптада өзбек өкмөтүнө аскерий жардам берүүгө тыюу салган чектөөнү алуу сунушун жактырды. Бул сунуш камтылган дагы бир нече жоболор жыл этегинде добушка коюлат. Обама администрациясы Конгрессти документти колдоого үндөдү.

Өзбекстан АКШнын жардамын кайда жумшаары азырынча беймаалым. Белгилүү болгондой, Ташкент аскерий тармактагы сооданы Москва менен жүргүзүп келет. Акыркы 10 жылдын ичинде өзбектер орустардан 300 миллиондой долларга аскерий жабдык сатып алышкан.

Геворгяндын ырастоосунда, Вашингтон жардам катары берилчү каражатты өздөрү жактырган жабдыктарга жумшоону шарт катары коюшу мүмкүн.
Мамкатчы Х.Клинтон өзбек тышкы иштер министри Э.Ганиев менен Вашингтондо 29-сентяб, 2011-жыл

28-сентябрда “Human Rights Watch”, “Amnesty International”, АКШ жана Эмгекчилердин укуктарын коргогон эл аралык форум Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун дарегине кат жолдоп, алдыңкы планга аскерий алакаларды эмес адам укуктарын коюуну өтүнүштү. Алар мамкатчыны мыйзамдын өтүшүнө каршы пикирин айтууга чакырышса дагы Клинтондун жообу каттын авторлору күткөндөй болбоду окшойт.

Бейшембиде Клинтон АКШ Өзбекстан менен байланыштарын баалайт деп, Ташкент Ооганстанды калыбына келтирүү, ооган элине жана өкмөтүнө көмкөтөшүү жаатында жакшы жардам берип келатышканын белгиледи.

Мамкатчыга жолдонгон катка кол койгондордун бири Берлинде жайгашкан укук коргоочу борбордун өкүлү Мириям Сааг-Маас европалык жана америкалык өкмөттөр өз кызыкчылгы үчүн өлкөлөрдөгү адам укуктарынын абалын көз жаздымда калтырбоого тийиштигин баса бейлгилейт.

Өзбек пахта талааларындагы балдар, 24-сентяб, 2011-жыл

-Өзбекстанда Германиянын Ооганстандагы аскерлерин тейлеген база орун алган. Көпчүлүк учурда дал ушундан улам Өзбекстандагы адам укуктарынын тепселип жатышына каршы катуу сөз айта алышпайт. Адам укуктары экономикалык же аскерий кызыкчылыктардын көлөкөсүндө калбашы керек.

Шаршембиде Америка-Өзбекстан Соода палатасынын демөөрчүлүгү менен алтымыштай активист нааразылыгын билдирип, Вашингтондогу бизнес форумунунун алдына чыгышты. Буга чейин эле дүйнөдөгү алтымышка жакын кийим тигүүчү таанымал фирмалар өзбек пахтасынан жасалган кездемелерге бойкот жарыялашкан. Өзбек бийлиги пахта теримге 10 жашка чейинки балдарды кеңири тартканы эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG