Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Евробиримдик дагы 15 орусиялык чиновникке санкция жарыялады


Санкция Украинадагы кризиске байланыштуу киргизилди. 29-апрелде жарыяланган жаңы тизмеде Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын зардалы Валерий Герасимов, Аскерий чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Игорь Сергун, вице-премьер Дмитрий Козак, Крымдын жана Украинанын чыгышындагы Луганск, Донецк шаарларынын орусиячыл жикчилдери бар.

Жапония да Москвага каршы санкцияны колдоп, орусиялык 29 жаранга виза берилбесин кулак какты кылды. Алар кимдер экени айтылбады, бирок жергиликтүү медиабулактар Жапонияга киргизилбечүлөр ырасмий адамдар экенин кабарлашты.

Кечээ АКШ Москваны Украина боюнча саясатын өзгөртпөдү деп, президент Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген жети кызмат адамына жана 17 компанияга карата санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG