Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Wikipedia конгрессмендердин оюн өзгөрттү


"Википедия" англис тилиндеги сайтын бир күнгө өчүрүп койду.

"Википедия" англис тилиндеги сайтын бир күнгө өчүрүп койду.

АКШда Конгресстин айрым мүчөлөрү интернетти көзөмөлдөө боюнча талаштуу мыйзамды колдоодон баш тартышты. Алар мындай кадамга “Википедиянын” жана башка интернет сайттардын нааразылыгынан кийин барышты.

АКШ Конгрессинин кош палатасынын кароосунда жаткан эки мыйзам “Интернеттеги каракчылыкты токтотуу” (SOPA) жана “Интеллектуалдык менчикти коргоо” (PIPA) деп аталат.

Демилгечилер менен авторлор мыйзам долбоорлорунун максаты чет өлкөлөрдөгү сайттардын америкалык тасмаларды, музыканы, китептерди интернет аркылуу уурдап, көчүрүп сатуусуна бөгөт коюу деп түшүндүрүшкөн.

Байкоочулар болсо иш жүзүндө ал мыйзамдар эки чоң өндүрүштүн кызыкчылыктары ортосундагы кагылышты чагылдырарын белгилешкен.

Бир жагынан бул – көңүл ачуу индустриясы. Кино жана музыка компанияларынын ырастоосунда, алар жылына миллиарддаган доллардан кол жууп жатат. Анткени интернетти колдонуучулар автордук укукка карабай, кинону жана музыканы бекер көчүрүп алышууда.

Ал эми экинчи жагынан бул - кибермейкиндик индустриясынын кызыкчылыгы.

Интернеттеги акция

Интернет-сайттардын жана технологиялык компанияларынын пикиринде, мыйзамда каралган чаралар абдан эле катаал болгондуктан, ал инновацияга, сөз эркиндигине, дегеле интернеттин иштешине олуттуу терс кесепетине тийгизет.

Мыйзам долбоорлорунун сунуш кылынган редакциясы АКШнын аймагында жайгашкан интернет-провайдерлерди, издөө системаларын мыйзамсыз ишмердикке тиешеси бар деп шектелген чет өлкөлүк сайттар менен кызматташтыкты токтотууга, аларга шилтеме бербөөгө милдеттендирет.

Документ ошондой эле интернеттеги мазмундун ээлерине жана АКШ өкмөтүнө пиратчылыкка тиешеси бар сайттарды жабуу үчүн сотко кайрылуусуна укук берет.

Мыйзамдын кызуу жактоочулары арасында музыка жана киноиндустриянын дөө-шаалары, китеп басуучулар, өндүрүшчүлөр болсо, аны Google, Facebook, Twitter, Wikipedia, Yahoo өңдүү дүйнөлүк интернет компаниялар кескин сынга алышкан.

Нааразылыктын бир түрү катары дүйнөдө эл эң көп кирген алтынчы сайт - интернеттеги энциклопедия - “Википедия” өзүнүн англис тилиндеги сайтын 18-январдан тарта жыйырма төрт саатка жапкан.

“Википедиянын” кадамын жүздөгөн сайттар колдоп, Google жана башкалар коомчулуктун көңүлүн мыйзамдын чоо-жайына буруш үчүн өз баракчаларында цензуранын белгиси катары кара тилкени жайгаштырышкан эле.

Конгрессмендер көз-карашын өзгөрттү

Мындан улам интернет пайдалануучулар өз мыйзамгерлерин талаштуу документтерди колдоодон баш тартууга үндөшкөн. Бул өзүнүн алгачкы жемиштерин бергендей.

Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча Сенаттагы мыйзамдын эки автору, Республикалык партиянын Флорида штатынан шайланган сенатору Марко Рубио жана Миссури штатынан шайланган сенатору Рой Блант өз көз-караштарын өзгөртүп, мыйзамды колдобой турганын жарыялашты. Марко Рубио атүгүл Сенатта үстөмдүк кылган демократтардын лидери Гарри Ридди мыйзамды добушка коюу планын токтотууга чакырды.

Алардан тышкары Сенаттагы мыйзамды колдобой тургандыктарын Юта штатынан шайланган республикачыл сенатор Оррин Хатч, Техас штатынан шайланган Жон Корни, Арканзастан шайланган Жон Бузман, Мэриленд шайланган демократ сенатор Бен Кардин билдиришти.

Ал эми Эл өкүлдөр палатасынан алардын кароосундагы мыйзамга карата көз-карашын өзгөртүшкөнүн Аризона штатынан шайланган республикачыл конгрессмен Бен Куэйл, Небраскадан шайланган Ли Терри, Флоридадан шайланган Тим Холден ачыкташты.

Көчөдөгү нааразылык

АКШ Конгрессинин кароосундагы мыйзамдардын каршылаштары интернетте эле эмес, көчөдө да нааразылык акциясына чыгышты.

Нью-Йоркто алар эки сентордун кеңсеси алдында чогулушту. Акцияны уюштургандардын бири Эндрю Расиеж мындай дейт:

- Конгресс, акчалуу жана автордукка укукка ээлик кылган индустриянын эркине ылайык, интернетти биздин индустрияга жана ачык интернетке зыян алып келгидей кылып кайра түзүүнү сунуш кылууда. Эгер алар ийгилик тапса, Нью-Йоркто жана башка жерлерде өнүгүп келе жаткан технологиялык компаниялар үчүн инновацияны жана инвестицияны гана муунтпастан, интернеттеги архитектурга орду толгус зыян тийгизет, бүткүл дүйнө боюнча цензурага көмөктөшөт.

Нью-Йорктогу демонстранттардын экинчи бири Ян Бассиндин пикиринде, эгер мыйзам долбоорлору сунуш кылынган редакцияда кабыл алынса, көптөгөн интернет-сайттар аны колдонгондордун кимиси болбосун автордук укукту бир эле жолу бузганы үчүн жабылат, АКШ дүйнөгө жаман үлгү көрсөтөт:

- Менимче бул өкмөткө интернет сайттарды жаба алгыдай кылып туура эмес белги берүүүдө. Интернет дүйнөдөгү демократияны колдогон эркин мейкиндик болуусу керек. Америка Кытайды жана Иранды алар интернетти жаппоосу керектигине ынандырууга аракеттенип жаткан кезде, биз жаман үлгү көрсөтпөөбүз абзел.

Мыйзамга сын пикирин президент Барак Обаманын администрациясы да ачыктады. Ак үйдүн ишембидеги билдирүүсүндө ал ой-пикир билдирүү эркиндигин чектеген, кибермейкиндиктеги коопсуздукту камсыздоодогу тобокелчиликти күчөткөн, дүйнөлүк интернеттеги динамикага жана жаңычылдыкка шек келтире турган мыйзамды колдобой турганы айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG