Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Интернеттеги энциклопедия – “Википедия” өзүнүн англис тилиндеги сайтын жыйырма төрт саатка жапты. Муну менен ал АКШда сунуш кылынган мыйзамга каршылык билдирүүдө.

Интернет компаниялардын пикиринде, сунуш кылынган мыйзамдар дүйнөнүн маалымат желесиндеги эркиндикти кыйла чектейт.

Интернет кызматын көрсөткөндөрдүн басымдуу бөлүгү, атап айтканда ири издөө системалары, социалдык түйүндөр Кошмо Штаттарында жайгашкандыктан провайдерлер мыйзам долбоорлору сунуш кылынган редакцияда кабыл алынса, бүткүл дүйнө боюнча көптөгөн сайттардын ишине таасир этерин эскертишүүдө.

Эки кызыкчылыктын кагылышы

Интернеттеги каракчылыкты токтотуу жана интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча АКШ Конгрессинин кароосунда жаткан эки мыйзамдын долбоору иш жүзүндө эки чоң өндүрүштүн кызыкчылыктарынын кагылышын чагылдырып турат.

Бир жагынан бул – көңүл ачуу индустриясы. Бул тармак ондогон жылдардан бери өз продукциясына карата интернеттеги каракчылык менен күрөшүү максатында мыйзамдар катаалдаштырылышын жактап келет. Кино жана музыка компанияларынын ырастоосунда, алар жылына миллиарддаган доллардан кол жууп жатат. Анткени интернетти колдонуучулар автордук укукка карабай, кинону жана музыканы бекер көчүрүп алышууда.

Ал эми экинчи жагынан бул - кибермейкиндик индустриясынын кызыкчылыгы. Бул тармак инновациянын жана маалымат эркиндигинин арты менен өнүгүп жатканы белгилүү. Эреже боюнча аталган чөйрө сырттан башка бирөөлөр, же өкмөт алардын ишин көзөмөлдөшүн жактыра бербейт.

АКШ Конгрессине сунуш кылынган мыйзамдардын кабыл алынуусуна жетишүү менен кино жана музыка индустриясы көздөгөн нерсе - интернеттеги каракчылыкты ооздуктоо боюнча жоопкерчиликти укук коргоо органдарынан интернет компаниялардын өздөрүнө жүктөө.

Муну ишке ашыруу үчүн каралган чаралардын бири – интернеттеги издөө системаларынын мазмунунда уурдалган материалдар бар сайттарга байланышын чектөө. Мисалы, адистердин айтымында, бийлик издөө системаларынан автордук укукту бузган сайттарга шилтемени алып салууну суранышы мүмкүн. Бул иш жүзүндө аларды интернет пайдалануучулар үчүн блокадалоо дегенди туюндурат.

Интернет компаниялардын камтамачылыгы

Нью-Йоркто жаңылыктарды таратууга адистешкен Mashable сайтынын редактору Лэнс Уланофф:

- Бул мыйзамдарда чынында эле өтө катаал чаралар каралган. Кокус тиги же бул сайт автордук укук менен корголгон мазмунду пайдаланып жатканы байкалган болсо, бийлик иш жүзүндө эмнени кааласа, ошону жасай алышат. Алар сайтты интернеттен блокадалап койо алат. Мыйзам долбоору боюнча алар башка бирөөдөн уурдалган мазмунга негизделген материалды жараткан тарапты кабардар кылууга милдеткер эмес. Алар жөн гана ал сайты өчүрүп койо алышат. Мына ушул жагдай да интернеттеги адамдарды дүрбөлөңгө түшүрүп жатат.

Лэнс Юланофф "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, АКШдагы мыйзам Google, Twitter, Yahoo ири сайттардын башкаруучуларын камтамага салды.

Интернет компаниялардын көз карашында, сунуш кылынган мыйзам өкмөткө ашыкча эркиндик берет. Бийлик сайттын ишине сотсуз эле чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн алууда. Мындан улам алар мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышат.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө саясий өзгөрүүлөргө чакырган нааразылык акциялары “Кыжырдануу күнү” деп аталып жүргөн болсо, “Википедия” өзүнүн нааразылык акциясын “Караңгылыктын күнү” деп атады.

Интернеттеги энциклопедия катары эсептелген бул сайттын англис тилиндеги версиясы 18-январда Бишкек убактысы боюнча саат 11ден тарта жыйырма төрт саатка жабылды. Бирок дүйнөдө эл эң көп кирген алты сайттын бири болгон “Википедиянын” бул кадамын күрөштүн туура эмес тактикасы деп эсептегендер болду.

Альтернатива жок

Британиялык адис, санариптик маданият боюнча Wired.com.uk интернет журналынын редактору Оливия Солондун пикиринде, кино жана музыка компаниялары каракчылык көйгөйүн алар өз продукциясын базарга саткандагыдай чыгармачылык менен чечүүгө аракеттенсе дурус болмок:

- Маселе автордук укуктун ээлери каракчылыкка каршы альтернативаны жарата албаганында. Алар өтө эле көп убакыт коротуп, өздөрүнүн эски эле бизнес моделдерине жабышып жатышат. Маселен DVD, CD түрүндөгү продукцияларды билесиз да. Кино жана музыка компаниялары керектөөчүлөр уурдалган контентти көчүргөндөн ордуна башкага артыкчылык бергидей жакшы альтернатива жаратуусу керек эле да.

АКШдагы интернет компаниялардын камтамачылыгы күчөшүнө тушташ Ак үй талкууларга үн кошууну кааларын ишара кылды. Ак үйдүн айтымында, ал ой-пикир билдирүү эркиндигин азайткан, кибермейкиндиктеги коопсуздукту камсыздоодогу тобокелчиликти күчөткөн, дүйнөлүк интернеттеги динамикага жана жаңычылдыкка шек келтире турган мыйзамды колдобойт. Ак үй жакында мыйзамдын каршылаштары менен телефон конференциясын өткөрөрүн да маалымдады.

Ушул жагдайларды эске алганда, интернетте интеллектуалдык менчикти коргоону көздөгөн, бирок интернет компаниялардын кооптонуусун жана каршылыгын жараткан мыйзам долбоорлордун келечеги азырынча бүдөмүк болуп тургандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG