Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

АКШ: Ак үйгө умтулгандар иргелүүдө


2016-жылкы президенттик шайлоого АКШда республикачыл талапкерлер демократтарга караганда көп чыкты.

2016-жылкы президенттик шайлоого АКШда республикачыл талапкерлер демократтарга караганда көп чыкты.

Президенттикке үмүткөрлөрдүн кимисинин эки партиядан талапкер болуп мүмкүнчүлүгү жогору, үмүткөрлөрдүн айрымдарынын буга чейинки ийгиликтери эмнеге байланыштуу жана бул шайлоонун башкы темалары кайсылар?

“Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө АКШдагы шайлоо жараяны талдоого алынды.

Кошмо Штаттардын 45-президентин шайлоо жараяны Ак үйдү ээлөөгө үмүткөрлөрдү иргөө баскычына түштү.

Ноябрдагы шайлоонун негизинен эки талапкер ортосундагы жыйынтык баскычы башталганга чейин президенттикке умтулгандар штаттарды аралап, талапкерлик укукка жетиш үчүн бар аракетин салып күрөшөт.

Быйылкы өнөктүктүн буга чейинки соңку президенттик шайлоодон кандайдыр бир айырмасы барбы, башкы маселелери кайсылар?

Биз бул суроону "Азаттыктын” “Өңүт” программасынын маектеши, Огайо штатындагы Дейтон университетинин саясий илимдер боюнча окутуучусу Даниэль Бердсоң (Daniel Birdsong) мырзага жолдодук:

- Ооба, 2016 –жылдагы президенттик шайлоо чынында акыркы отуз жылдагы шайлоолордон башкачараак көрүнүп жатат. Бул республикачылар тараптан потенциалдууу талапкерлердин санына эле эмес, алардын көч башындагысы кесипкөй саясатчы эместигине да байланыштуу. Адаттагыдан айырмалангандыктан өнөктүк кандай жүрөрүн айтуу да кыйын болуп турат. Салтка айлангандай, биз республикачылардын потенциалдуу талапкери катары президенттикке губернаторлор чыкканына күбө болчу элек. Бирок рейтинги боюнча талапкерлердин көч башында жүргөн Дональд Трамп биз АКШда Улуу эски партия деп да атап койгон (GOP) республикачылардын истеблишменти үчүн баш оору жаратууда. Демократиялык партиянын жалпы истемблишментинде да президенттикке алардын атынан чыгып жаткан Берни Сандерске карата да ушундай эле маанай бар. Өзү акыркы отуз жылдай убакыт ичинде кызматтагы президент шайлоого катышпай турган кездеги шайлоодо президенттикке эң көп үмүткөр демократтар арасынан чыкчу эле, азыркысында, биз алдыда айткандай, республикачылар көп болду. Шайлоочулар арасында саясий жараяндын өзүнөн, саясий партиялардан көңүл калуучулук да бар, мындай жагдай өз кезегинде президенттикке талапкерлерге таасир берүүдө. Дональд Трамптын, Берни Сандерстин талапкерлиги мына ушундан улам иштеп жатат. Азыркы өнөктүктө шайлоочулардын көңүлүн бурган бир эмес, бир нече маселе бар. Мисалы, экономика АКШда мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы кетип жатканы менен америкалыктар азыр да бул маселеге кабатыр. Акыркы айларда шайлоо өнөктүгүнүн күн тартибине терроризм, эл аралык мамилелер да чыкты. Иммиграция маселеси да утур-утур көтөрүлүүдө. Эгер Республикалык партия тараптан коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына көз чаптырсаңыз, бул алардын көңүлүн көп бурдурган маселе. Ошондой эле шайлоочулар арасында кандайдыр бир деңгээлде Вашингтондогу өкмөткө канааттанбагандык да бар. Мына ушул фактор электораттын бир бөлүгүнүнүн биз истеблишменттин талапкерлери да атап койгондорго, мисалы, Демократиялык партиядан Хиллари Клинтонго, ага катар Республикалык партиядан мурдагы губернатор Жэб Буш сыяктуу талапкерлерге карата мамилесинен да байкалууда.

Республикалык партиядан быйылкы шайлоодо президенттикке талапкер болууга 17 адам умтулуп, ички партиялык добуш берүүнүн эки штаттагы жыйынтыгынан кийинки жана андан мурдагы жарыяларды кошкондо бүгүнкү күнгө карата алардын 10у жарыштан чыкты.

Демократтардан болсо башында президенттикке алтоо аттанып, азыр жарышта 68 жаштагы мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен 74 жаштагы сенатор Берни Сандерс калды. Бирок, саясатчы катары Сандерстин мурдагы тарыхы Демократиялык партия менен тыгыз байланыштуу эмес. Өзүн социалист атаган Сандерс АКШ Конгрессине көз карандысыз саясатчы катары шайланып жүргөн.

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин докторанты, саясат таануучу Мария Снеговая “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде бул ирет Республикалык партиядан талапкерлердин арбын чыгышын демографиялык өзгөрүүлөр менен да байланыштырды:

- Республикалык партияда өтө олуттуу демографиялык өзгөрүүлөр жүрүп жатканы белгилүү. Электорат иш жүзүндө эки топко бөлүнүп турат. Биринчиси шаарлардагы электорат. Алар чеги менен консервативдүү, либералдуураак, эркин экономикалык саясатты колдошот. Бирок ошол эле учурда абортту чектөө, кумсалардын өз ара үй-бүлө курушуна тыюу салуу өңдүү маселелерде катаал турумду карманышпайт. Бул топтогулар кандай кааласаңар ошондой жашагыла, кимге үйлөнгөнүңөр менен ишим жок деп эсептеген жаштар. Республикачыл шайлоочулардын экинчи, бирок чоңураак катмары консервативдүү, салттуу баалуулуктарды карманган, динчил, жогорудагы социалдык маселелери боюнча ишенимдери бекемдер. Биз күбө болгондой, республикачылардын президенттикке үмүткөрлөрү оголе көп чыккандыктан бир учурларда алар бир сахнага батпай дебаттарды эки бөлүп өткөрүүгө туура келип жатпадыбы. Менимче, бул көрүнүш республикачыл топтордун ичиндеги демографиялык ажырымды, аларды бир партия канааттандырбай калганын чагылдырып турат.

Акыркы жыйырма төрт жылда Ак үйдү демократтар менен республикачылар кезектешип ээлөөдө.

Бул тенденция дагы уланышы керек болсо, бийликтин эки тизгин бир чылбырын алуу кезеги республикачыларда.

Огайо штатындагы Дейтон университетинин саясий илимдер боюнча окутуучусу Даниэль Бердсоң бул ирет демократ талапкерлер аз чыгышын мындайча түшүндүрдү:

- Демократтар тарапта, азыркы учурга жарамдуу жана узакка жете ала турган талапкерлер анчалык көп эмес деген маанай болгондой. Бул быйылкы өнөктүккө өзгөчөлүк берип жатат. Мен демократтардын калган экөө ортосундагы жарыш көп адамдар бир жыл мурда болжогондон узакка созулат деп ойлойм.

Трамп менен Сандерстин феномени

Президенттикке талапкерлер иргелүүчү ички партиялык жарыштын, америкалыктардын өздөрү айткандай “кокус” же “праймериздердин” эң жакынкысы 20- февраль күнү Невада жана Түштүк Каролина штаттарында өткөнү турат.

Невадада демократтар, Түштүк Каролинада республикачылар күч сынашат.

Буга чейинки экөөндө болсо жеңүүчүлөр бирдей болбой алмашты.

Маселен, праймериз алгач өткөн Айова штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы күтүлгөндөгүдөн башкача чыгып, ал жерде республикачылардан консерватор катары таанымал саясатчы, техастык сенатор Тед Круз жеңишке жетишсе, демократтардан Хиллари Клинтон атаандашы Берни Сандерстен азыноолок артыкчылыкка ээ болгонун айта кетүү керек.

Ал эми Нью-Гэмпшир штатындагы экинчи праймеризде республикачылардан курулушчу миллиардер Дональд Трамп калган атаандаштарынан 25%га жакын ашуун добуш алса, демократтардан Берни Сандерс атаандашы, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонду 20% ашуун добуш менен утуп алды.

Баяндамачылар айрым талапкерлердин алгачкы праймериздеги ийгилигин ошол штаттардагы шайлоочулардын өзгөчөлүгүнө жана талапкерлер электораттын көңүлүндөгү маселени канчалык таап жатканынан көрүшүүдө.

Колумбия университетинин докторанты, саясат таануучу Мария Снеговая, маселен, миллиардер Дональд Трамп чуулгандуу, атүгүл кээде коомдун бир катмарынын айыптоосун жараткан билдирүүлөрдү жасаганына карабай, республикачыл үмүткөрлөр арасында рейтинги жагынан биринчиликти бербей келе жатышын төмөнкү бир нече жагдай менен байланыштырышат:

- Трамп дээрлик баарына эле саясий жактан сылык эмес, таң калыштуу нерселерди айтканы менен айрымаланууда. Америка коомунун ал кайрылбаган сезимтал маселелери калган жок. Мексикалыктар тууралуу алар абдан эле көбөйүп кетти, дубал куруш керек деди. Теракттар жана Сириядан чыккан качкындар кризисинин фонунда АКШга мусулмандарды киргизбейли деди. Аялдар жөнүндө да ар нерсени айтты. Мындай риторикасына карабай ал дагы деле лидерликтен түшпөй жатат. Салтка айланып калгандай, АКШда саясий сылыктык үстөмдүк кылат да. Сиз оппоненттериңизди кемсинтпей, өз көз карашыңызды жумшагыраак аргументтешиңиз керек. Өзү АКШдагы саясий жараянга саясий сылыктык мүнөздүү. Мындан улам кээ бир маселелерди Республикалык, Демократиялык партиянын истемблишменти көтөрүүгө барбайт. Эгер сиз Париждеги былтыркы террордук чабуулдардан кийин АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоорго көз чаптырсаңыз, америкалыктардын 70%дан ашууну мындай нерсе АКШда да кайталанабы деп кооптонушкан. Көптөр иммиграция маселесин катаал ыкмалар менен жөнгөрүүнү колдошкон. Бирок эки партиядан талапкерлердин баары эле, бул суроолорго катаал жана жигердүү жооп бере алышпайт. Себеби либералдуу катмардагы шайлоочуларды өзүлөрүнөн алыстатып алуудан чочушат. Ошол терең суроолорго негизги истемблишмент жооп бербесе, Трамп сыяктуу радикал талапкерлер, топтор чыгышы мүмкүн. Анткени, алар ошол оор суроолорго жөнөкөй жана примитивдүү эле жоопторду берип коюшат. Менимче, Трамп ушул саясий сылыктыкты бузганынан, партиялык истемблишмент коом үчүн абдан сезимтал маселерди кароого ыктабаганынан улам чыккан феномен. Анын үстүнө ал шайлоочулардын анча билимдүү эмес, татаал маселелерди жөнөкөй эле жол менен чечип койууга ыктаган, башкалар бул суроолорго жооп бербей жатат деп эсептеген сегментине таянууда. Анын ийгилигине көп жагынан эбегейсиз медиа өнөктүгү да салым кошту. Бирок, анда өтө чоң антирейтинг да бар. Адамдар жакшы тааныганы менен аны жактырбагандар да көп. Жактырбагандар демократтар эле эмес, Республикалык партиянын ичинде да арбын.

Саясат таануучу Мария Снеговая миллиардер Трамп бүгүнкү ийгилигине карабай, баары бир акыр-аягында Республикалык партиядан талапкерлик укукту ала албайт деген пикир үстөмдүк кылып жатканын кошумчалап, бирок анын чоң саясий сахнага чыгышы АКШдагы саясий системанын саламаттыгынын белгиси экенин белгиледи:

- Мен эске сала кетейин, башында эки партиянын истеблишментинен Клинтон менен Буш кайра эле негизги талапкерлер катары чыгат деген коркунуч болбодубу. Эгер мындай болсо, бул кандайдыр бир дэңгээлде шайлоо системанын катып калганын ишара кылмак да. Бирок фактылар башканы көргөзүүдө. Трамп кандайдыр мааниде америкалык саясий системанын саламаттыгын символдоштуруп турат. Анын азыркы ийгилиги бизге кайра –кайра эле Буштардын же Клинтондордун кереги жок, келгиле башканы чыгаралы дегенди каңкуулоодо. Берни Сандерсти да Трамп сыяктуу феномен деп айтсак болот. Бул, башкача айтканда, коомдун истемблишменттеги катып калбашы үчүн реакциясы. Айрымдар Трамптын жүрүм-турумун, айткандарын орус президенти Путин менен да салыштырып жатышпайбы. Бирок, иш жүзүндө бул тескери саясий феномен. Путин бөлөк тандоо, альтернатива жок системанын катып калганын көргөзсө, Трамп коом ошондой катып калууну сезе баштаганына карата реакция. Бирок америкалык коом Трампка эмес, Буш менен Клинтонго реакция жасоодо. Трамп республикачылардын праймеризин жеңбеген шартта, бул өзү оң багыттагы жараян. Акыр аягында аны Трамптан улам өз риторикасын жаңылай турган башка талапкер алмаштырса керек.

Демократтар анык, республикачылар белгисиз

Талапкерлер демекчи “Азаттыкттын” маектеши, Огайо штатындагы Дейтон университетинин саясий илимдер боюнча окутуучусу Даниэль Бердсоң ички партиялык жарыштын алгачкы эки штаттагы жыйынтыгы республикачылар арасындагы айныксыз лидерди аныктай албаганын белгилеп, буларга токтолду:

- Республикачылардан талапкерлик укукту алууда кимдин туруму күчтүүрөк болорун биз Түштүк Каролина штатындагы праймеризден кийин жакшыраак биле алабыз. Мисалы, өткөн эки праймериздин алгачкысында ийгилик жараткан сенатор Марко Рубиого партиянын истеблишментинин колдоосу күчтүүрөөк жана бул фактор ага жардам бериши мүмкүн. Ошол эле учурда истеблишмент Дональд Трамп же сенатор Тед Круз талапкерлик укукту алышын караманча каалабайт. Андыктан, аларга бул мүмкүнчүлүктү четке түртө ал турган талапкердин турумун чыңдоого, кайсыл бир мезгилде бир талапкердин айланасына консолидация болууга туура келет.

Ал эми Демократиялык партиядан аналитиктердин көпчүлүгү айрым тактикалык жеңилүүлөрүнө карабай, мурдагы Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун шайлоонун экинчи баскычына чыгуу кудурети чоң экенин белгилешүүдө:

- Баштапкы шайлоонун узакка созулушу балким Хиллари Клинтон үчүн да, Берни Сандерс үчүн дагы пайдалуу. Себеби, ал алсыз жактарына карабай эки талапкердин тең алга жылышына шарт түзөт. Биз Клинтондун расмий талапкер болуу жолу Сандерске караганда ачыгыраак деп ойлойбуз.

Ички партиялык жарыш штаттар боюнча июнь айына чейин уланып, алардагы добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, президенттикке үмүткөрлөр парткурултайга делегат топтойт.

Республикалык жана Демократиялык партия тең Ак үй үчүн бирден талапкерин июль айынын соңуна мерчемделген курултайларында расмий бекитет. Талапкердин ысымы курултай алдында белгилүү болуп калат.

Шайлоо ноябрдын алгачкы шейшембисинде өтөт.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, президенттикке шайланыш үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ин топтоо керек. Шайлоочулар коллегиясында 538 орун ар бир штаттын калкынын санына жараша бөлүнгөн.

Ноябрдагы шайлоодо ар штаттын шайлоочулар коллегиясындагы добушу толугу менен эки талапкердин ошол штаттагы элдин көбүрөөк колдоосуна ээ болгонуна берилет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG