Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Вашингтон менен Тегеран туткундарды алмашты


Иран түрмөсүнөн бошотулган америкалыктар
Иран түрмөсүнөн бошотулган америкалыктар

Өз ара макулдашуунун алкагында Ирандагы туткундан бошотулган төрт америкалык жарандын үчөө Женевага келип бир аз убакыт токтоп, андан ары Германиядагы АКШнын аскер аба базасына жеткирилди.

Бул тууралуу Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Жан-Марк Кревуазье билдирди. Буга чейин Иран бийлиги кош жарандыгы бар төрт америкалыкты туткундан бошотсо, буга жооп иретинде АКШ жети ирандык жаранды абактан чыгарарын жарыялаган болчу.

Туткундардын арасындагы журналист да бошотулду

Тегеран менен Вашингтондун туткундарды алмашуу тууралуу өз ара макулдашуусуна ылайык, төрт америкалык туткундун үчөө Ирандан Женевага учуп келген болчу. Андан ары алар Женевадан Германиядагы АКШнын аскер аба базасына жеткириле турганы кабарланды. Кош жарандыгы бар бул төрт америкалык жаранды Иран бийлиги тыңчылыкка айыптап, түрмөгө камаган. Алардын арасында “Вашингтон пост” гезитинин Тегерандагы кабарчысы Жейсон Резаян да бар. Түбү ирандык мурдагы деңиз аскер кызматкери Амир Хекмати 2011-жылы Тегеранга чоң энесине учурашканы барып кармалса, христиан динаятчысы Саид Абедин мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө айыпталган. Төртүнчү туткун Нусратулла Хосравинин ким экени азырынча белгисиз. Буга жооп кылып АКШ мурда санкцияны бузду деген айыптоо менен кармалган жети ирандык жаранды бошотту.

Бул макулдашуунун жыйынтыгы тууралуу АКШнын президенти Барак Обама төмөндөгүлөргө токтолду:

- Иранда адилетсиз кармалып, камакка алынган бир нече америкалык акыры бошотулуп үйүнө келе турган болду. Бул адамдар иран түрмөсүндө жазыксыз жерден бир топ жыл акыйкаттык күтүп отурганга аргасыз болушту. Мен туткундалгандардын айрымдарынын үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, алардын кыйналганын көргөм. Мен өздөрүнүн уулдарынын жана жубайларынын туңгуюк абалда калган тагдырына бушайман болгон ал адамдарга алардын жакындарын бошотуу үчүн колдон келген аракеттерди көрөбүз деп убада берген болчумун. Өзөктүк макулдашуунун алкагындагы сүйлөшүүлөр учурунда биздин дипломаттар бул маселени улам-улам жогорку деңгээлде көтөрүп, америкалык жарандарды бошотууну талап кылып жатышты.

Швейцариянын ортомчулугу

Расмий Берн анын ортомчулугу менен Тегеран менен Вашингтондун туткундарды өз ара алмашуу тууралуу Швейцариянын аймагында 14 айдан бери жүргүзүлгөн жабык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын кубаттады. Анын бул окуяга байланыштуу атайын билдирүүсүндө “Швейцария туткундарды бошотуу жана аларга тагылган айыптоолорду алып салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана эки тараптуу өз ара макулдашууга жетишүү үчүн көмөк көрсөткөнү” белгиленген. Туткундардын бири “Вашингтон пост” гезитинин Тегерандагы бюросун жетектеп турган Жейсон Резаян 2014-жылы июль айында кармалган болчу. Анын жубайы, Араб Эмиратында басылчу “Нэшнл” гезитинин фотожурналисти Еганэ Салехи, башка дагы эки фотограф да Резаян менен кошо камакка алынган. Бирок алар ошол эле жылы октябрь айында абактан бошотулган. Ал эми Резаян 2015-жылы ноябрда тыңчылыкка айыпталып, узак мөөнөткө соттолгон.

Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы туткундарды өз ара алмашуу тууралуу макулдашууга Ирандан эл аралык санкцияларды алып салуу боюнча чечим кабыл алуунун алдында кол коюлду. АКШдагы Республикачылар партиясынан президенттикке үмүткөр Дональд Трамп бул макулдашууну жана Ирандан санкцияларды алып салууну пайдасыз кадам деп баалады. “Иран камалган банк эсептериндеги 150 миллиард доллар акчасын жана жети туткунду бошотуп алса, а биз болсо болгону төрт туткунду абактан бошотуп алганга ыраазы болгонубуз туура эмес” – деп билдирди Дорнальд Трамп.

XS
SM
MD
LG