Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

АКШнын Миссури штатында 31 киши камакка алынды


Фергюсондогу түнкү тополоң. Шаарча калкынын үчтөн эки бөлүгүн афро-америкалыктар түзөт. 18-август, 2014.
Фергюсондогу түнкү тополоң. Шаарча калкынын үчтөн эки бөлүгүн афро-америкалыктар түзөт. 18-август, 2014.

Жергиликтүү полиция билдиргендей, алар расалык мүнөздөгү толкундоолор учурунда ок атылгандан кийин камалышты.

Полиция капитаны Рон Жонсондун айтымында, Фергюсон шаарчасындагы түнкү демонстрацияны таратуу үчүн коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ, дүрмөтү жок тарсылдама гранаталарды колдонушту.

Кагылышта эки адам ок жеп, төрт полицей жаракат алды.

Фергюсондогу тополоң мындан он күн мурда полициянын огунан жергиликтүү ындыкара өспүрүм мерт кеткенден кийин башталган эле.

Миссуринин губернатору 18-августа түнкү коменданттык саатты жойгондон кийин кайра тутанды.

Президент Барак Обама шаарчанын калкын тынчтанууга чакырып, эртең Фергюсонго АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер барарын билдирди. Холдердин айтымында, ал ындыкара өспүрүмдүн өлүмү боюнча тергөөнүн жүрүшүн өз көзөмөлүнө алмакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG