Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Индия менен Пакистандын дипломатиялык тиреши башталды


Индиянын коопсуздук күчтөрү пакистандык дипломатты кармады.
Индиянын коопсуздук күчтөрү пакистандык дипломатты кармады.

Пакистан менен Индиянын тиреши дипломатиялык кызматкерлерди чыгаруудан башталды. 27-октябрда Индия Пакистандын Делидеги элчилигинде иштеген дипломат тыңчылык үчүн кармалып, ал ушул ишембиге чейин өлкөдөн чыгарыларын билдирди. Исламабад элчиликтин кармалган кызматкери Махмуд Ахтардын айыбы жоктугун айтууда. Индия бийлиги дипломаттан чек арада жайгашкан индиялык аскерлер тууралуу маалымат табылганын ырастады. Ага улай Ахтарга документ берди деген шек менен жергиликтүү эки киши кармалганы маалымдалды.

27-октябрдын кечинде Пакистандын тышкы иштер министрлиги жооп кайтарып, Индия элчилигинин кызматкери Сужил Сингх дипломатиялык нормаларды бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарыларын ырастады.

Кошуна өлкөлөрдүн мамилелери өткөн айда талаштуу Кашмир чөлкөмүндөгү индиялык базага кол салуудан 19 аскер набыт болгондон кийин кескин начарлап кетти.

XS
SM
MD
LG