Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Усама бин Ладен жок кылынды


“Ал-Кайида” уюмунун лидери жана 2001-жылы 11-сентябрдагы терракттын уюштуруучусу Усама бин Ладен жок кылынды. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама расмий жар салды.

Президент Барак Обаманын билдирүүсүнө чейин АКШнын бир катар маалымат каражаттары Усама бин Ладен Пакистандын борбор шаары Исламабаддын жанындагы үйүндө өлтүрүлгөнүн кабарлашкан.

Америкалык сыналгы АКШ президентинин билдирүүсүн түз ободо көрсөттү. Президенттин билдирүүсү болоору тууралуу жарыялар бир саат бою ободон кеткен жок. Бул аралыкта алдыңкы сыналгы компаниялары “№1 террорчу” тууралуу тасмаларды үзгүлтүксүз көрсөтүп жатышты.

Президент Барак Обама "бин Ладен 2001-жылдын 11-сентябрында болгон трагедия үчүн жооптуу" деп белгиледи. Обама бин Ладенди кармоо же өлтүрүү АКШнын терроризмге каршы күрөштүн өзөгүн түзгөнүн айтты. Аны кармоо операциясын АКШнын чалгындоо кызматы өткөргөн.

"Ок атышуудан кийин бин Ладен жок кылынды. Америкалык аскерлер жабыркаган жок", - деп кошумчалады Обама.

“Бүгүнкү окуялар америкалыктар өз алдына койгон бардык тапшырмаларды аткара алаарын тастыктады. Сот адилеттиги ишке ашты”, - деген Б.Обама бин Ладенди жок кылуу операциясына көмөктөшкөнү үчүн Пакистан өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ушул тапта Вашингтондогу Ак үйдүн алдына жүздөгөн адамдар чогулууда. Алардын көпчүлүгү америкалык желектерди көтөрүп алышкан.

Тасмада: Террорчулуктун тамырын кыркуу мүмкүнбү?

Бишкек шаарынын айрым тургундары террорчулук тууралуу пикирлери менен бөлүштү. MiT

Террорчулуктун тамырын кыркуу мүмкүнбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

XS
SM
MD
LG