Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Ленин жана Сталин: орундалбай калган осуят


Орусия -- Владимир Ленин менен Иосиф Сталин,1922-1923-жылдар.

Орусия -- Владимир Ленин менен Иосиф Сталин,1922-1923-жылдар.

73 жыл өмүр сүрүп, бир катар чоң ийгиликтерге жетишип, 180 ден ашуун улуттун башын кошуп, бирок мындан 21 жыл илгери өзүнөн-өзү кулап түшкөн СССР тууралуу сөз болгондо, бул мамлекет эмне деген мамлекет эле, анын башында кимдер турду эле, алардын адам катары, инсан катары нарк-насили кандай болгон деген суроолорго жооп издөөөгө туура келет. Башкача айтканда, бул мамлекетти ким түзүп, идеологиясын кандайча калыптап, кышын кантип кынаган, эмне үчүн бул супермамлекеттин жерпайы ушунчалык бошоң, жаны морт болуп жаралып, 73 жылдан кийин, 1991-жылы 15 союздук республика он беш жакка тарап кеткен деген суроо өзүнөн өзү жаралат.




1917-жылдагы октябрь төңкөрүшүнүн башында үч лидер: Ленин, Троцкий жана Сталин тургандыгы жакшы белгилүү. Булардын арасынан эң абройлуусу Ленин болуп, ал чыгаан уюштургуч, чоң теоретик болсо, Троцкий тилинен көөрү төгүлгөн чечен, оратор, үч тилде эркин сүйлөгөн жана жазган интеллектуал экен, ал эми Сталин болсо өтө митайым, сыр билдирбеген аппаратчы, бюрократиялык оюндардын чоң чебери болгон, деп жазат “Ленин” деген бүт дүйнөгө белгилүү биографиянын автору Луис Фишер. Кошумчалап кете турган дагы бир нерсе, бул үчөөнүн бири да либерал же сөздүн бүгүнкү маанисиндеги демократ болгон эмес. Маселен, ошол октябрь түңкөрүшү 1917-жылы ишке ашып, бийлик колго тийгенден кийин жаңы өкмөткө моюн сунбагандарды атууга өкүм кылуу керекпи же жокпу деген суроо туулганда, Ленин: “Атууга өкүм кылганды билбеген революция да революциябы?” деп кыйкырык салганын тарыхчылар көп эскерет. Ак падыша, анын бүт укум-тукуму ошол Лениндин буйругу менен Екатеринбургда атылган.

Ошону менен бирге орус шовинизмине каршы турган, жеке бийлик эмес, коллективдүү башкарууну жактаган, майда улуттарга укукту көбүрөөк берүүгө ынтызар лидер негизинен Ленин болуптур. Бул жагынан Ленин менен Троцкий көп убакта бири-бирин толуктаган, пикирлеш ишмерлер экен, ал эми Сталин менен Троцкий башынан эле бири-бирин жактырбаган, теориялык маселелерде да, практикалык иш-чараларда да өз ара өч, атаандаш саясатчылар болуптур.

Ленин ар дайым кырдаалга жараша кыймылдап, турмуштун агымына жараша саясат жүргүзүүнү жактаган, убагында жеке чарбага уруксат берген, соода-сатыкка кенен шарт түзгөн. Албетте, Ленин да жетекчи катары, жаңы мамлекеттин теоретиги жана практиги катары нечен чоң жана кичине каталарды кетирген, бирок өзү көрүп-билип туруп, бирок катуу оорунун айынан оңдогонго чамасы жетпей калган эң чоң катасы - эбегейсиз чоң партиялык аппарат түзүп, ага кошумча советтик аппарат деген дагы бюрократияны ойлоп таап, ошого жетекчи болуп алган Иосиф Сталинди бийликтен четтете албай калганы эле, деп жыйынтык чыгарат ошол эле Луис Фишер.

Ленин менен Сталиндин ортосундагы мамилелер негизинен 1922-жылы, Ленин инсульт болуп, ден соолугу начарлаган убакта бузула баштаган. Экөөнүн өз ара пикир келишпестиги бара-бара кадимкидей араздашууга кантип өтүп кеткени, качан жана эмнеден улам башталганы тууралуу суроого Луис Фишер мындайча жооп берет: эң биринчи себеп - Сталиндин ар дайым жеке бийлик орнотууга умтулганы, аппарат бюрократиясын жакшы көргөнү болгон. Экинчи себеп - Ленин менен Сталиндин ортосунда майда улуттарга автономия берүү маселеси боюнча, деле жаңыдан түзүлүп аткан СССРдин ички саясий табияты боюнча ошол жылы талаш чыккан. Ленин орус эмес улуттарга максимум көз карандысыздык берели, бирок негизги бийлик Москвада калсын десе, Сталин ага караманча каршы турган. Башкача айтканда, Ленин улуттарга реалдуу автономия берели деп эсептесе, Сталин ошондо эле СССРде нака тоталитардык система орнотуу керек, бекем централизация зарыл, антпесе Союзду бир бүтүн мамлекет катары сактоо мүмкүн эмес деп санаган.

Албетте, ал убакта Ленин эле эмес, эч бир адам Сталин бара-бара бүт мамлекеттик бийликти өз колуна топтойт, 30 жыл бийлик башында отурат, адегенде кулакка тартуу компаниясын баштап, андан соң коллективизация саясаты дегенди зордук менен жүргүзөт, 1937-38-жылдагы кызыл террордо миллиондогон бейкүнөө адамдардын убалына калат деп ойлогон эмес. Ал эми дүйнөлүк экинчи согуш башталаар алдында бухаринчилер менен троцкисттерди талкалоо деген ураан менен нечен кадрларды жок кылып, эң мыкты деген аскербашчыларды тобу менен аттыраары эч кимдин оюна да кетпеген чыгаар.

Сталиндин тымызын аппараттык оюндарын дароо түшүнүп, анын башка бирөөлөрдүн сын пикирин укканды таптакыр жактырбаганын, бир асылган адамын аягына чейин жок кылган диктаторлук адатын эң биринчи байкаган Владимир Ленин инсульт болуп, мурункусундай активдүү иштегенге чамасы келбей кагандыктан Иосиф Сталинди бийликтен четтетүүгө болгон аракети ишке ашпай калган. Ленин катуу ооруга чалдыгып, мурункудай иштей албай калган соң Сталин аны сөздүн тике маанисинде изоляция кылган. Негизги максаты - өзүнүн жеке душманы Троцкийди Ленинге жолотпоо жана Ленинди мамлекеттин ишинен биротоло четтетүү болгон. Буга Надежда Крупская, Лениндин зайыбы каршы чыкканда Сталин аны кадимкидей эле сөгүп-сагып, коркутканга чейин барган. Сталиндин орой мамилеси тууралуу четин чыгарганда, Ленин катуу кыжалат болуп, ошондон улам оң капталы толугу менен паралич болгон.

Ошондо гана убакытты өткөрүп, саясий кармашты Сталинге уттуруп жибергенин сезген Ленин М.Володичев деген жардамчысын чакырып алып, “Съездге кат” деген кайрылуусун жаздырган. Кайрылуу толугу менен Сталинге арналып, анда аны бийлик башынан четтетүү маселеси коюлган. Бул кайрылуу чын-чынына келгенде Владимир Лениндин жетекчи катары, лидер катары акыркы осуяты, суранычы, тилеги эле. Бирок ал катты Сталин жетчү жерге жеткирген жок. Сталин ээлеген ордунда калды, а Троцкий Ленинсиз, мамлекеттин жетекчисиз аны кулатууга, кызматтан жылдырууга күчү жеткен жок.

Ленин 1924-жылдын 21-январында каза болду, а Троцкийди Сталин СССРден кубалап чыгып, акыры аны Мексикада жашаган жеринен таап, 1940-жылы жалданма тыңчылардын колу менен тындым кылдырды. Ошентип Ленин ойлогон социализм сталиндик тоталитаризмдин кейпин кийди, а Сталин өзүн кудайдан да бийик идолго айлантты.

Албетте, кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей Сталин заманындагы тири укмуш кылмыштардын баары бир бети ачылды, бирок элдин коммунизмге болгон ишенимине терең доо кетти. Советтик социализмди оңдооого канча аракеттер Хрущев доорунда, Брежнев доорунда жана Горбачев заманында көп эле жасалса да, канга, зордук менен зомбулукка, барып турган кудайсыздыкка өтө көп сугарылып калган коммунисттик система 1991-жыл өзүнөн өзү кулап түштү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG