Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Венесуэлада эл кайра толкуду


Каракастагы демонстрация. 18-май, 2016-жыл.
Каракастагы демонстрация. 18-май, 2016-жыл.

Түштүк Американын экономикалык каатчылыкка кабылган өлкөсү - Венесуэлада эл кайрадан көчөгө чыкты. Оппозиция жана анын жактоочулары президент Николас Мадурону кызматтан кетирүү үчүн референдум өткөрүлүшүн талап кылууда. Президент болсо нааразылыктарды утурлай өткөн аптада өзгөчө абал тартибин киргизди.

Венесуэлада оппозициянын нааразылык акциялары өлкө экономикалык каатчылык менен катар дары-дармек, тамак-аш жана башка эң биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын таңкыстыгына кабылган кезде өтүүдө.

Өткөн аптада полиция күчтөрү демонстранттарды көздөн жаш агызуучу газ атып таратышкан эле.

Оппозициянын миңдеген жактоочулары борбор шаар Каракаста ушул шаршемби күнү да чогулуп, референдум өткөрүү талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясын көздөй жүрүш жасоого умтулганда, алардын жолун кайрадан эле аскерлер менен полиция күчтөрү бууду:

- Карагыла, көчөдөгү адамдар өздөрүнүн адилет укуктарын талап кылышууда. Бул бийликти башка эч ким эмес, аскерлер гана кармап турат. Анткени, венесуэлалыктардын 80% демократияны жактайт, -деди Каракастагы демонстранттардын бири Хосе Мендоза Рейтердин кабарчысына.

Каракастагы демонстрация. 18-май, 2016-жыл.
Каракастагы демонстрация. 18-май, 2016-жыл.

Аскерлер демекчи, президент Николас Мадуронун өлкөдө өзгөчө абал киргизүү боюнча өткөн жума күнкү жардыгы башаламандыктар дагы күчөп кетсе, аны басуу үчүн армияны колдонууга мүмкүндүк берет.

Бирок былтыр декабрдан бери оппозициячыл коалиция үстөмдүк кылган парламент жардыкты бекитпей, акыркы эки шайлоодо президенттикке талапкер болгон оппозиция лидери Энрике Каприлес элди өзгөчө абал режимине баш ийбөөгө чакырган болчу:

Энрике Каприлес
Энрике Каприлес

​- Эгер Мадуро бул жардыгына таянгысы келсе, ал көчөлөргө танктарды алып чыгууга, аскерий авиацияны колдонууга даяр болушу керек. Анткени биз бул жардыкты мыйзамдуу деп тааныбайбыз.

Нааразылык акциялары шаршемби күнү борбор Каракаста эле эмес, башка шаарларда да өттү.

Оппозиция активисттери президентти кызматтан кетирүү боюнча референдум чакыруу үчүн 1,8 миллион адамдын колун топтодук деп ырастаганы менен бийлик алардын нукуралыгынан шек санап, быйыл мындай саясий өнөктүк уюштургудай шарт жоктугун айтууда.

Венесуэла оппозициясы мунайга баанын арзандашы күчөтүп жиберген экономикалык кризиске мурдагы президент, аскер адамы Уго Чавес менен бийликти ал өлгөндө колго алган мурдагы айдоочу Николас Мадуронун чарба жүргүзүүнүн социалисттик ыкмасына таянган саясаты алып келди деп эсептешет.

Николас Мадуро мурда айдоочу болгон.
Николас Мадуро мурда айдоочу болгон.

Экспорттук кирешесинин 90% ашуунун мунай берген өлкөнүн экономикасы быйыл дагы кеминде 8% кыскарары күтүлүүдө. Инфляциянын көрсөткүчү болсо былтыртан бери 700% чаап барды.

Экономикасы кара майга байланган өлкөдө өкмөт менен катар элдин да жону жукаргандыктан кылмыштуулук, адам өлтүрүү, талап-тоноо фактылары кескин көбөйгөн.

Бирок президент Мадуро анын бийлиги кабылган көйгөйлөрдү өз саясатынан эмес,“тышкы душмандардан” көрүүдө:

- Чет элдик аскерий интервенцияны актоо үчүн Венесуэлада кыянатчыл маанай жаралды. Бразилиядагы төңкөрүштөн кийин алар бул үчүн эң туура учур келди деп санашат.

Азыр борбор Каракастан жана башка шаарлардан дүкөндөрдө узун кезек күткөн адамдарды учуратууга болот.

Дүкөндө кезек күткөндөр. Каракас, 16-май, 2016-жыл.
Дүкөндө кезек күткөндөр. Каракас, 16-май, 2016-жыл.

Коомдук пикирди сурамжылоолоо тамак-аш таңкыстыгы жана анын баасы учурда калкты 90% тынчсыздандырган маселе экенин көргөзгөн.

Талдоочулар мындай кырдаалдын жаралыш себептери катары кара май кирешесинин азайганынан тышкары Венесуэланын импортко абдан көз карандылыгын, азык-түлүктү өндүрүп, бөлүштүрүүгө мамлекеттик көзөмөл коюлганын аташат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG