Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Алымкулов: Cогуштун ачыла элек барагы арбын


Сталинграддын жанындагы салгылашуу, 1942-жыл.
Сталинграддын жанындагы салгылашуу, 1942-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуштун көмүскө жактарын изилдеп жүргөн тарых илимдеринин кандитаты, Кыргыз улуттук университетинин доценти Нарынбек Алымкулов бул согуштун ачыла элек барактары кайрадан изилденип, тарыхтан адилет баасын алууга тийиш деп эсептейт.

- Нарынбек мырза, Экинчи дүйнөлүк согуштун көмүскө жактарын изилдеп жүрөсүз. XX кылымдагы экинчи дүйнөлүк согуш темасын изилдеген адистер ушул согуштун советтик адамдарга белгисиз барактарын ачыкка чыгарып жатышпайбы. Изилдөөчү катары кыргыз коомчулугуна жете элек кандай орчундуу маалыматтарды азыр ачыкка чыгара аласыз?

- Коомчулукка белгилүү болгондой, былтыр профессор Тынчтыкбек Чоротегин башында турган тарыхчылар тобу грант утуп алып, Кыргызстандын тарыхын кайрадан изилдеп жатабыз. Мына ушул изилдөөнүн алкагында Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин мен изилдеп жатам. Согуштун көмүскө жактары тууралуу айтсак, чындыгында эле тактыкты талап кылган, бизди кызыктырган суроолор, изилдөөчү темалар аябай көп. Башкача айтканда, Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын кайрадан карап чыгуу керек. Андагы кыргызстандык жоокерлердин орду, көрсөткөн эрдиктери тууралуу айрым маалыматтар такталбай, туура эмес берилип калган учурлар бар. Маселен, Кыргызстандан согушка 380 миңдей жаран кетип, алардын 166 миңи кайра катпай калган. Мына ушулардын 40 пайызга жакыны эч кандай орден-медал менен сыйланган эмес. Негизи согушта орден-медал менен сыйланбай калгандар аз болгон. Эмне үчүн булар сыйлык алган эмес деген суроого биз азыр жооп бере албайбыз. Же булар согуштун алгачкы күндөрү эле алгачкылардан болуп салгылашка кирип, каза болгон же туткунга түшүп сыйлыктарынан ажыратылганбы деген сыяктуу суроолор туулат. Же улутка карата жасалган мамилеби?

Экинчиден, ошол адамдар кайдан каза болгон, качан каза болгон деген маалыматтарды да тактоо керек болуп турат. Дагы бир маселе, Москва алдындагы салгылашта курман болгон 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлери 28 баатыр деген эле ат менен жүрөт. Бирок анын ичинде баатырдык көрсөтүп, бирок белгисиз болуп калган жердештерибиз абдан көп. Муну да такташыбыз керек. Ошол эле мезгилде бир топ кишилер согушта туткунга түшүп, качып чыгып польшалык, франциялык социалисттер менен бирге партизандык кыймылдарды түзүшкөн. Булар тууралуу эч кандай маалымат айтылбай келет. Мына ушулардын баарын кайрадан карап, изилдеп чыгуу керек болуп турат.

- Сиз өзүңүз да белгиленгендей, советтик армияда азия улутундагы жоокерлерди алдыга салчу же өтө ыплас иштерге чегерчү деген имиштер да жортуп келет – бул канчалык чын?

- Эми аны бир жактуу айтуу кыйын. Бирок бир четинен карап көрсөң согуш жөнүндө тартылган тасмаларда азиялыктар, алардын баатырлыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Бул ошол учурдагы идеологиябы же улутка карап бөлүүбү деген суроо туулбай койбойт. Негизинен согуштагы чабуулдарда алгач соттолгондордун батальонун, андан соң улуттук өзгөчөлүктөргө жараша аскерлерди жиберген болушу мүмкүн. Маселен, биздин жоокерлерден куралган 316-аткычтар дивизиясына деле Кызыл Армия анча ишенген эмес. Бирок алар өзүнөн төрт эсе күчтүү армияга туруштук берип, таң калаарлык баатырлыкты көрсөтүп жатышпайбы. Муну деле бир мисал катары кароого болот. Ошондуктан мунун баарын архивдерден карап тактоо керек.

- Батыштагы изилдөөлөрдө Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда советтик аскерлердин да өзгөчө мыкаачылыгы, чектен чыккан жоруктары тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт. Сиз өз изилдөөңүздө ушул тыянактарды тастыктай турган маалымат таба алдыңызбы?

- Мындай маалыматтар айтылганы менен негиздей турган документтер, маалыматтар жок. Анын үстүнө чоң-чоң архивдерге жол эми гана ачыла баштады. Эгер каржылык жактан маселе болбосо, архивдерди казып чыгып чындыкты чындыктай эле жазуу керек. Айрым булактарда "мыкаачылык менен күрөшкөн" деп айтылып жүрөт. Себеби “сен аны өлтүрбөсөң, ал сени өлтүрөт” деген идеология болгон. Бул эми эки идеологиянын атаандаштыгынан келип чыккан деп айтсак болот.

- Ата Мекендик согуш учурунда туткунга түшүп, андан азап-тозок менен келгенден кийин өз мекенинде куугунтукка кабылган адамдар көп. Мына ошолор тарыхтын адилет баасын ала алыштыбы? Бул боюнча изилдөөлөр жүрүп жатабы?

Тилекке каршы, ошондой тагдырга туш болгондор көп. Үч саат эле туткунга түшүп калса, 10 жылга соттоп жиберген. Ушундай тагдырды башынан өткөргөндөр немистердин кордугунан биздики ашып түшкөн деп айтып жатышпайбы. Эл дагы аларга душман катары карай баштаган. Маселен, Тойчубеков, Жекишов, Исманкулов деген сыяктуу ардагерлер туткунга түшүп, андан качып чыгып Француздук социалисттик партизандык бөлүктө кызмат өтөп келсе, бул жактан аларды соттоп жиберген. Алардын баары азыркы учурга чейин акталган эмес.


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG