Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Варшава саммити: коопсуздук жана багыт


Варшавада баштала турган саммитте Москва менен узакка созулган тирешүүгө багытталган коопсуздук чаралары талкууланарын байкоочулар белгилешүүдө.

Уюмдун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, 8-9-июлда Польшанын баш калаасында кабыл алынган чечимдер алдыңкы он жылдыктагы багытты аныкташы керек.

Учурда уюмдун негизги максаты - өз мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактоо. Ошондуктан саммитте коопсуздук маселелерине басым жасаларын Эстониянын президенти Томас Хендрик Ильвес май айында билдирген:

- Биз коопсуздук тармагында болгон бир топ өзгөрүүлөргө күбө болдук. Ошондуктан туура чара көрүү үчүн Батыштын коопсуздук системасынын багытын өзгөртөбүз. Бул жаңы доордун башталышын билдирет.

Байкоочулардын баамында, саммитте Орусия менен чек аралаш жайгашкан НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугунун кепилдиги тууралуу сөз болушу мүмкүн:

"Тынчтык, коопсуздук жана демократиянын туруктуулугу Европада кадимки көрүнүш болбой калды, ошол себептүү НАТОнун лидерлери бул ачуу реалдуулукка каршы турушу зарыл”, - деп жазышкан жакында жарыяланган Atlantic Council докладында АКШнын НАТОдогу мурдагы өкүлү Николас Бернси жана НАТОнун Европадагы аскерлеринин мурдагы башкы командачысы Жеймс Жонс.

НАТОнун саммити Польшанын баш калаасы Варшавада 8-9-июль күндөрү өтөт.
НАТОнун саммити Польшанын баш калаасы Варшавада 8-9-июль күндөрү өтөт.

Өткөн жолу НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчылары 2014-жылдын сентябрында Уэльстин Нью-Порт шаарында чогулушкан. Ал жыйындан бир нече ай мурун Орусия Крымды аннексиялап, Украина чыгышында куралдуу жаңжал башталган эле. Дал ошол саммитте Эстония, Латвия, Литва, Польша жана Румынияда жаңы аскерий базаларды түптөө чечими да кабыл алынган.

НАТОго мүчө өлкөлөргө жардамга келе турган ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдү түзүү чечими иштелип чыккан.

Бул жолу Варшавадагы саммитте уюмдун чыгыш чек араларын бекемдөө үчүн миңдей аскерден турган төрт аскер батальонун Эстония, Латвия, Литва жана Польшада жайгаштыруу чечими кабыл алынары күтүлүүдө. АКШ, Британия, Германия бирден батальонго командачылык алууга макул болушту. Төртүнчү батальондогу командачылыкты Канада алат деп болжолдонууда. АКШ башкарган батальон Польшада жайгашышы ыктымал. Германиянын башкаруусундагы батальон Литвада, Британиянын башкаруусундагы батальон Эстонияда жайгашуусу мүмкүндүгү айтылууда.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс Румыниянын сунушун карап көрөрүн айткан. Ага ылайык, Румыниянын аймагында 3000-5000 аскерден турган көп улуттуу бригада жайгашат.

- Бул жерде аскерий түзүмдөр тууралуу сөз болгон жок. Орусия менен чыр-чатак башталса, ар кандай даярдыгына карабастан миңдеген аскерлер басымга туруштук бере албайт. Бул саясий маркер катары эсептелиниши керек. Алар муну менен “Эгер силер бул өлкөгө кол салсаңар, силер эстондор, латыштарды эле эмес, америкалыктарды жана немистердин да өмүрүнө коркунуч келет” дегенди билдиргилери келет. Бул өтө маанилүү, - деди Чехиянын эл аралык институтунун илимий кызматкери Марк Галеотти.

Ошентсе да, саясий аналитиктердин баамында, НАТОнун аскерлеринин жайгаштырылганына карабай, азыркы кырдаалда Орусиянын агрессиясына туруштук берүү оңой эмес. Согуштук оюндардын иликтөөлөрүнө таянып, америкалык RAND Corporation институту Балтика боюндагы өлкөлөрдү тез басып алуудан коргоо үчүн НАТО жетиден ашуун бригаданы жайгаштыруусу зарыл экенин билдирди. Анын ичинде оор техника бригадалары да болушу керек.

Ошондой эле алардын бардыгы ар дайым согуштук аракеттерге даяр туруп, жерден жана абадан колдоо көрсөтүлүп турушу зарыл. Бирок бул чара да аймакты коргоого жетишсиз экенин белгилейт борбор.

Мына ошол себептүү аналитиктер НАТО альянска мүчө эмес Финляндия жана Швеция менен өнөктөштүк мамиледе болууну көздөп жатканын билдиришүүдө.

“Финдердин жана шведдердин жардамысыз НАТОго Балтика боюндагы өлкөлөрдү Орусиянын агрессиясынан сактоо кыйынга турат" - деп жазды “Жаңы кансыз согуш” китебинин автору Эдвард Лукас.

Ошентсе да, аталган эки өлкөнүн бири да альянска кошулууга даяр эмес. Бирок Швецияда былтыртан бери бул жаатта демилгелер көтөрүлүп жатат. Эки өлкө тең бул жылы НАТОго мүчө болуу боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө киришти.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго канчалык жакындаганы Варшавадагы саммитинде белгилүү болот. Май айында Швециянын парламенти НАТО менен кызматташуу боюнча макулдашууну ратификациялады.

Ага ылайык, альянс Швециянын аймагында өз машыгууларын өткөрүп, согуш же кандайдыр бир кризис учурунда өз аскерлерин киргизе алат. Бул жайда Швеция, Финляндиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери НАТОго мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен бирдикте Брюсселдеги саммитке катышты. Бул ушундай форматтагы биринчи жолугушуу болду. НАТОнун маалыматына ылайык, 28+2 форматындыгы кызматташуулар келечекте да уланат.

Орусиянын Крымды аннексиялап алышы НАТОнун көңүлүн түштүккө, өзгөчө Кара Деңизге бурууда.

“Украина чыгышындагы жаңжалга кийгилишүү жана Крымды аннексиялап алуу менен Орусиянын президенти Владимир Путин Кара Деңиз боюндагы коопсуздук кырдаалын кыйла өзгөртүү”- деп жазды Америкалык кеңештин тышкы саясат боюнча илимий кызматкери Стивен Бланк.

Буга каршы туруу үчүн Румыния Варшавада Кара Деңиздин жээгинде көп улуттан турган күзөт кызматын түзүүнү сунуштары күтүлүүдө. Бул суроо самитте талкууланарын июнь айында Йенс Столтенберг билдирген. Ошентсе да бул тема азыр талаш-тартыш жаратууда.

Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов өз өлкөсү бул демилгеге каршы экенин билдирип, ага катышуудан баш тартарын айткан. Борисов мындай аракеттер Кара деңизди аскерий аймакка айландырарын айтып, “деңизде аскерий кемелерден көрө яхталардын жүрүшүн каалайм” деген эле.

Ошону менен катар Варшавада НАТО кибертармакта өнүгүп жаткан кагылышууларга да көңүл бурууну улантат. Бул тема Уэльстеги саммитте да көтөрүлгөн.

“Мурдагы саммитте биз киберкоргоону НАТОнун бирден бир маанилүү маселеси экенин, эл аралык укук кибертармакка да жайыларын айтканбыз. Варшавада биз кибертармакты аба, деңиз же жер сыяктуу эле иш тармагы катары тааныйбыз", - деп билдирди атын айтпаган альянстын жогорку өкүлдөрүнүн бири.

Мындай классификация, аткаминердин айтымында, НАТОго өз ресурстарын эффективдүү колдонууга шарт түзөт. Киберкоргонуу аскерий машыгууларга интеграцияланып, кризис шарттарында да колдонулат. Жакынкы жылдары Орусиянын кибер чабуулдарына франциялык телекомпания, польшалык биржа, Ак үй, АКШ Мамдепартаменти жана башка бир катар объекттер кабылган.

Андан тышкары Варшавада июнда макулдашылган Украинага жардам көрсөтүү боюнча пакет да расмий бекемделет деп күтүлүүдө.

Бирок азырынча альянстын кеңейиши күтүлгөн жок. Болгону майда НАТОго мүчө болуу боюнча протоколго кол койгон Черногория Варшавадагы саммитте байкоочу катары катышат. Бул мамлекет альянска расмий түрдө эмдиги жылы кошулары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG