Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Дүйнөнүн курал соодасын тескөөнү караган келишим долбоору ушул аптада БУУнун Башкы ассамблеясынын кароосуна берилери күтүлүүдө. Анткени БУУдагы акыркы конференцияда да толук мунаса табылбады. Бирок бул жолу документке эл аралык коомчулук обочолоп салган үч гана өлкөнүн тоскоолдук кылышы келишим акыр аягында кабыл алынат деген үмүт жаратууда.

Дүйнөнүн азыр жылдык көлөмү бери дегенде 70 миллиард долларга жеткен курал соодасын тескей турган туңгуч эл аралык келишим БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынышы үчүн ага мүчө 193 өлкөнүн үчтөн экисинин гана добушу талап кылынат.

Улуттар уюмунда он күнгө созулган сүйлөшүүлөр ушул жума күнү ийгиликсиз аяктаганы менен ал конференцияда үстөмдүк кылган маанайды эске алган байкоочулар Башкы ассамблеяда үчтөн эки добушту чогултуу оор болбой турганын айтышууда. Себеби адам өмүрү кыйылышы менен кыйратуулардын тамыры жаткан сооданы тескөөнү дүйнө мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү жактоодо.

Анткени БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун акыркы конференциянын ачылышында айткандай, эл аралык соодада помидорго чейин стандарт киргизилгени менен курал соодасында ал азыркыга чейин жок.

Соңку конференцияда келишим долбоору консенсус менен жактырылышына үч гана мамлекет (Иран, Сирия, Түндүк Корея) жолтоо болду. Мисалы, Иран өз каршылыгын долбоордо “боштуктардын” көптүгү, ал “саясатташтырууга жана дискриминацияга” жол берип коюшу мүмкүндүгү менен түшүндүрдү.

Өлкөнүн БУУдагы элиси Мохаммед Хазаи Тегерандын камтамачылыгы тууралуу буларды билдирди:

- Мен тактап кетким келет: биз, Иран Ислам республикасы, келишим текстинен негизги боштуктарды четтетүү үчүн күчүбүздүн жетишинче ийкемдүүлүктү көрсөттүк. Көп мамлекеттердин ишенимдүү, тең салмактуу, дискриминациялык эмес келишим үчүн аракеттери эске алынбагандыгы терең өкүндүрөт.

Иранды колдогон Сириянын элчиси Башар Жафари келишим ал атагандай, “террорчуларга” жана “мамлекеттик эмес топторго” курал берилишин токтото албасын айтты. Түндүк Кореянын өкүлү келишимди курал экспорттогон ири өлкөлөр буза бериши мүмкүндүгүн эскертти.

Иран менен Түндүк Корея талаштуу өзөктүк программаларынан улам эл аралык санкция астында жашаган мамлекеттер. Сирия болсо жарандык согушту башынан өткөрүүдө. Ошондой эле бул үч мамлекет тең Эч бир блокко кошулбагандар кыймылына киришет. Иран азыр 120 өлкө турган ушул кыймылдын президенти. Бирок кыймылдын Африка менен Латын Америкадагы мүчөлөрү келишимди жактап чыгышты.

"Күчтүү келишим"

Бир нече жылдан бери кабыл алына албай жаткан келишим дүйнө мамлекеттеринен куралды өз чегинен тыш аймактарга сатууда ал адам укугун, гуманитардык мыйзамды бузуу, терроризм үчүн колдонулбашын кепилдөөнү талап кылат.

Келишим кабыл алынышы үчүн жигердүү өнөктүк жүргүзүп келаткандардын бири - Эл аралык Мунапыс уюму Иран, Сирия, Түндүк Кореянын кадамын “уятсыз” деп сынга алды.

Келишимди жактаган дагы бир уюм - Британиядагы Oxfam эл аралык бирикмесинин курал соодасы боюнча иликтөөчүсү Анна МакДональд күчтүү документ кырдаалды өзгөртөт деген ишенимде:

- Маселе ал кандай келишим болорунда. Биз жарандык коомдон, куралды көзөмөлдөө боюнча коалициядан муну туура жолго коюшуңар зарыл деп айтып жатабыз. Күчтүү келишимдер эл аралык кырдаалды өзгөртөт, жаңы стандарттарды белгилейт, жүрүм-турумду оңдойт. Ал эми алсыз келишимдер аз эле өзгөртүү жасайт.

Эми күтүлгөндөй документ БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынса, андан соң күчкө кириш үчүн кеминде 50 мамлекеттин ратификациясы талап кылынат.

Дүйнө өлкөлөрү буга чейин келишимди былтыр июлда макулдаша албай койгон. Акыркы конференцияны утурлай ал кабыл алынышы жана натыйжалуу иштеп кетиши ири оюнчуларга көз каранды болуп турат деген ойлор айтылган эле. Бул жолу курал экспорттоочулардын эң ирилери - АКШ, Орусия, Кытай, Германия, Франция, Бртания - долбоорду колдоого даярдыгын билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG