Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Ыңкылаптын жаңы формуласы "Кетсин! Кетсин!" эмес, "Окуу, окуу!"


“Азаттыктын” окурманы, илим доктору Дүйшөн Шаматов Йеменден “Окурмандын кат куржунуна” жиберген сүрөттөрдөн. Йемендик балдар. 2011-жылдын 17-февралы.
“Азаттыктын” окурманы, илим доктору Дүйшөн Шаматов Йеменден “Окурмандын кат куржунуна” жиберген сүрөттөрдөн. Йемендик балдар. 2011-жылдын 17-февралы.

Бишкектеги Борбор Азия Университетинин илимий изилдөөчүсү, билим берүүнүн доктору Дүйшөн Шаматов жакында Жакынкы Чыгыштагы арап өлкөсү Йеменден кайтып келди.

Жакынкы Чыгыштагы бийликке каршы элдик толкундоолор өтүп жаткан өлкөлөрдүн бири - Йеменде Бишкектеги Борбор Азия Университетинин илимий изилдөөчүсү, билим берүүнүн доктору Дүйшөн Шаматов бир айдан ашуун сапарда болуп, калкынын көбү сабатсыз бул арап өлкөсүндө билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча атайын кеп-кеңешин берип келди.

Андан соң ал "Азаттык" үналгысына айрым ой-пикирлери менен бөлүштү.

Йемен билим берүүдө Кыргызстандан эмне алса болот?

Кыргызстандык мектеп балдары, Нарын облусу, 2010-ж


Кыргызстан өзү билим берүү тармагында өнүккөн же өнүгүп келаткан мамлекеттерден үлгү алса болот.

Кыргызстандын өзүнүн билим берүү тармагы өтө жакшы деп айтуудан алысмын.


Йеменге барганда ал жактын билим берүү системасынын ахыбалын карап туруп, аябай өкүнүчтүү нерселерге күбө болдум.

Кыргызстандан, башка көп мамлекеттерден өрнөк алса болот.

Билим берүүнүн сапаты тургай, көпчүлүк адамдардын билимге, мектепке болгон муктаждыгы айкын көрүнүп турат. Чоңдор арасында эркектердин 70 пайыздайы, аялдардын 30 пайыздайы гана сабаттуу деп эсептелет. Демек, көпчүлүк калк – сабатсыз.

Социалдык теңсиздик карапайым калкты толкутту

Йеменде мен жүргөн учурда дагы толкундоолор болуп, элдин нааразылыгы күчөп, элдин жаңы бийликти, жаңы өзгөрүштөрдү эңсегени байкалып турду.

Бирок ошол эле учурда элдин жакырдыгы, экономикалык жактан абдан кыйналгандыгы, жумушсуздардын өсүп баратышы сыяктуу көп маселелер азыркы бийликке каршы нааразылыктарды туудурду.

Дагы айта кетчү бир нерсе – Йемен президенти Али Абдулла Салех акыркы 32 жылдан бери мамлекетти башкарып келет. Нааразылык чараларына чыккандардын негизги талаптарынын бири - Салех мырзаны бийликтен кетирүү.

Йемендеги коопсуздук өтө морт

Тирешүүлөр жүрүп жаткан көптөгөн арап өлкөлөрдөн айырмаланып, Йеменде борборлоштурулган бийликтин анчалык күчкө ээ эмес экендиги айкын.

Йемендин түштүгүндөгү Тайиз шаарындагы элдик толкундоолор. 2011-жылдын февралы.

Айта кетчү нерсе, Йемендин өзүндө жаңжал, өз ара тирешүүлөр көп болуп турат.

Себеби, бул өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан суннилер менен шийилердин жаңжалдары жакында эле басаңдай баштады.

Өлкөдө түндүк-түштүк ортосунда тирешүүлөр бар.

Йемендин түндүк-чыгышынын айрым жерлеринде радикалдуу террордук топтор дагы бар.

Андыктан көптөгөн адамдар президент Салехти колдойт. Эгер бул бийлик жок болуп кетсе, анда өлкөдө баш-аламандык ого бетер күчөйт деген коркунуч дагы турат.

Жакынкы Чыгыш - Перс булуңундагы толкундоолор

Менин байкашымча, араб өлкөлөрүндө болуп жаткан толкундоолор башка мамлекеттерде ар кандай ойлорду туудуруп жатат.

Мисалы үчүн илгертеден эле, айрыкча Батышта, бул чөлкөмдү ылдый баалаган көз караш бар болчу.

«Булардын колунан эмне келет эле. Булар дайыма өздөрүнүн авторитардык шейхтеринин бийлигинен чыга албайт», деген сыяктуу ойлорду азыркы ыңкылаптар жокко чыгарып жатат.

Себеби арабдардын колунан деле келет экен, алардын дагы каалаганы - эңсегени боштондук экен.

Прогрессивдүү топтордун, запкы жеген адамдардын чыдамы чегине келип жетти.

Ошондуктан бул элдик толкундоолорду көптөр демилгени өз колдоруна алып, башка бирөөлөргө ишенип отурбастан, «биз өзүбүз биргелешип өзгөрүү жасайбыз» деген жүрөгүнөн чыккан ишенимге жетеленди деп баалайт элем.

Араб чөлкөмү: ыңкылаптын эртеңи

Негизинен араб өлкөлөрүндөгү азыркы толкундоолор аягына ийгиликтүү чыга элек.

Ал толкундоолор кайсы нукта, кайда кетип калат, элдин чыныгы бийлиги болобу, же айрым адамдар ошол бийликти уурдап-качып, башка багытта колдонуп кетеби – бул азырынча бүдөмүк. Азырынча эч ким кепилдик бере албайт.

Д.Шаматов Йемендин Хажжа шаарындагы мектеп окуучулары менен 2011-жылдын февралы
Ал эми жеке турмушка болгон көз карашым – бул турмушту кескин түрдө өзгөртүү эмес, билим берүү аркылуу адамдардын аң сезимине жеткирүү менен өзгөртүүгө жетишүү.

Андыктан мен Йеменге барганда дагы сөзсүз эле «кетсин-кетсинди» үйрөтпөстөн, Кыргызстандын атуулу болуп туруп ал өлкөнүн калкынын бир аз болсо дагы билимге болгон эңсөөсүн канааттандырууга салым коштум.

Алардын муктаждыгын көрүп туруп, өзүм дагы сабакка кирип бир аз болсо дагы жаңы нерсе үйрөтүүгө аракет кылдым.

Араб өлкөсү болсо эле «булар аялдарына билим бербейт, кыздарын мектепке жибербейт», деген тайкы түшүнүк бар.

Йемендин айылдарындагы ушунчалык билимди эңсеген, чаңкагандарды көрүп туруп өзүм ыраазы болдум.
“Азаттыктын” окурманы, илим доктору Дүйшөн Шаматов Йеменден “Окурмандын кат куржунуна” жиберген сүрөттөрдөн. Йемендик окуучулар менен. 2011-жылдын 17-февралы.

Келечектүү таасир берүү үчүн билим берүүдөн баштоо керек.


Калайыкка сапаттуу билим берилсе, Йемендинби, же башка кайсы өлкөнүн атуулу болбосун, прогрессивдүү инсандар бийликке келет.

Ошондо элдин турмушу оңолот эле.


Албетте биздин көпчүлүк адамдарыбыз муну күткүсү келбейт, себеби бул 50-100 жыл ичинде ишке ашчу, бери дегенде эле 20-30 жылдык жарайан.

Бизге бир-эки жыл ичинде, чукул арада ишке ашчу "ыңкылап" гана керек болуп атпайбы!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG