Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Сана шаарында президенттик сарайга чабуул жасалды


Йеменде соңку учурларда ар кандай чабуулдар күч ала баштаган.
Йеменде соңку учурларда ар кандай чабуулдар күч ала баштаган.

Йемендин борбору Сана шаарында мусулман-шииттердин “Ал-Хути” тобунун адамдары президент сарайына чабуул жасады. Ошондой эле мамлекет башчы жашаган үйгө аткылоо болду. Бул тууралуу Йемендин маалымат министрлиги “Твиттерге” жазды. Ок коңшу жайгашкан имараттын чатырынан атылган. Ал учурда президент Абд Раббу Мансур Хади резиденциянын ичинде болгонбу же жокпу, анык эмес.

Йемен куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Сана шаарынын айрым аймактарын көзөмөлдөп турган жикчилдер ошол эле күнү президенттик сарайга чабуул жасап, куралдар сакталчу кампага бастырып кирген.

Өлкө бийлиги мамлекетте башаламандык жасоо аракети жүрүп жатканын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG