Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

WSJ: Гүлнара Каримова суракка алынды


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримованы швейцариялык прокурорлор Ташкентте суракка алганы белгилүү болду. Бул маалыматты Батышта коррупция боюнча айыпталган Каримованын Швейцария өкмөтү тарабынан дайындалган жактоочусу Грегуар Манжеа “Уолл Стрит Жорнэлге” (WSJ) ырастады.

“Уолл Стрит Жорнэл” басылмасы жазгандай, Швейцариянын эки прокурору Европада коррупция боюнча айыпталган Гүлнара Каримова менен 9-10-декабрда Ташкентте жолуккан. 2014-жылы үй камагына алынганы кабарланып, андан бери так дайыны чыкпай жаткан Каримова прокурорлордун суроолоруна 23 сааттай жооп берген.

Анын укугун коргой турган мамлекеттик жактоочу Грегуар Манжеа бул жолугушууга чейин Гүлнара менен эки жолу сүйлөшкөн. Ал “Гүлнаранын саламаттыгы жакшы экенин, бирок анын коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албастыгын” “Уолл Стрит Жорнэлге” билдирди. Швейцариянын Башкы прокуратурасы да прокурорлор Өзбекстанга барып келгенин ырастады.

Каримова үй камагына алынгандан бери коомчулукка көрүнө элек.
Каримова үй камагына алынгандан бери коомчулукка көрүнө элек.

2012-жылдан бери Каримова менен Батыш телекоммуникациялык компаниялардын коррупциялык схемаларга катыштыгын иликтеген Швециянын прокурору Гуннар Стетлер швейцариялык кесиптештери менен кызматташып жатканын, Каримованын ишинде көп жылыш жасалганын айтты:

- Биз Өзбекстанга бул маселеде жардам берүү өтүнүчүн бир нече ирет жөнөткөнбүз. Швейцариянын бийлиги менен жакшы диалог бар. Жалпысынан иликтөөдө көп жылыш жасадык. Менимче, быйыл бул иш сотко өтүшү мүмкүн.

Соңку үч жыл ичинде Гүлнара Каримова өөнөгөн деген шек менен Батыш банктарынын эсебиндеги 1 млрд доллардан ашуун акча камакка алынган. Анын 790 миллион долларына Швейцария өкмөтү арест койгон. Батыш прокурорлору бул акчанын басымдуу бөлүгүн байланыш компаниялары Каримовага пара катары берүүнү көздөгөн деп шектенип келишет. Каримованын үй камагына алынышына да дал ушул маселе себеп болгону белгиленген. Өзбек өкмөтү болсо коррупциялык иштердин курмандыгы болгонун жүйө келтирип, акчаны кайтарып алуу аракетин көрүп жатат.

Каримовдун үй-бүлөсү
Каримовдун үй-бүлөсү

Эми мурдагы президенттин кызынын сурак бериши, биринчи кезекте, анын амандыгын тастыктады. Себеби соңку айларда Гүлнара Каримова “психиатриалык ооруканага түшкөнү” же “ууланып көз жумганы” тууралуу түрдүү айың-кептер тараган эле.

Экинчиден, швейцариялык прокурорлордун өлкөгө киргизилиши жана Гүлнара Каримова менен сүйлөшүүгө уруксат берилиши азыркы бийликтин Батыштагы коррупция иликтөөлөрүнө карата мамилесин күбөлөдү. “Уолл Стрит Жорнэл” басылмасы маркум Ислам Каримовдун ордун баскан президент Шавкат Мирзиёев Гүлнаранын ишине чекит койгусу келет деген жоромолун жазды.

Каримова швейцариялык жактоочу Грегуар Манжеага өзү эч кандай соттун чечими жок кармалып турганын билдирген. Манжеа да мындай шартта кармалып турган адам өз укугун толук коргой албайт деген оюн “Уолл Стрит Жорнэл” менен бөлүшкөн.

Орус президенти Владимир Путин Каримовдун жесири Татьяна, кызы Лола жана азыркы президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүп жатат, 6-сентябрь 2016-жыл.
Орус президенти Владимир Путин Каримовдун жесири Татьяна, кызы Лола жана азыркы президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүп жатат, 6-сентябрь 2016-жыл.

Каримованын Лондондо жашаган уулу Ислам да апасынын абалына тынчсызданаарын айтканы бар:

- Апам өзүнүн үйүндө бейкапар жашап жатат деген жаңылыш ойлор бар. Башында үйүн бекитип, апамды бир бөлмөгө жайгаштырышкан. Үйгө кошуп курулган эки-үч бөлмө бар эле. Апам ошол жерде кармалып турат. Бир жолу ага акчасын төлөбөсөң тамак бербейбиз дешкен. Апам үйдү ачып бергиле, акча алып чыгайын десе, уруксат беришкен эмес. Түшүнүксүз бир басым жасалып жатат. Муну жеке келишпестик деп мүнөздөйм. Аны көрөм же ага жакындашам деген адамды дароо коопсуздук кызматына алып кетишет.

Кезинде Гүлнара Каримова Өзбекстандагы эң кирешелүү ишкерликти жана шоу-бизнес тармагын өз колуна алып, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири болчу. Ал атасы Ислам Каримовдун бийлигин мурастап калат деген жоромолдор да болгон. Сентябрь айында Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Гүлнара да, анын балдары да катышкан эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG