Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Сооронбай Жусуевдин согуш икаясы


Генерал Панфилов атындагы гвардиялык полктун жоокери Сооронбай Жусуев

Генерал Панфилов атындагы гвардиялык полктун жоокери Сооронбай Жусуев

Өмүрү чагылгандай кыска, бирок артында бай адабий мурас калтырган Жоомарт Бөкөнбаевдин майданда фашисттер менен салгылашып жүргөн болочок акын Сооронбай Жусуевге жазган каты сакталбай калган.

1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия СССРге каршы согуш ачат. Совет эли, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн, мурдагы Советтер Союзу кезде ырасмий айтылып жүргөндөй, Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Бул согуш 1418 күн уланат. Гитлердик баскынчыларга каршы урушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышат. 1943-жылы жашы эми 18 толгон боз улан, болочок акын Сооронбай Жусуев да башка эр азаматтар менен кошо Ата Мекенин коргоо үчүн кан майданга аттанат.

- Мен Алайкууда өстүм. Мектепке окуп жүрүп, 16 жашка чыкканымда согуш башталды. Эки жылдан кийин мени армияга алды. Алайкуудан жөө чыгып, Кара-Кулжага, анан Өзгөнгө, андан ары Кара-Сууга чейин жөө келдик. Бир-эки күн поезд күтүп жаттык. Ошондо биринчи жолу поезд көргөм. Поездге отуруп, Өзбекстан-Казакстан-Кыргызстан аркылуу Алматыга жеттик. Ошондо облус борбору Ошту, республика борбору Фрунзени көрбөй кеттик. Биринчи көргөн шаарым Алматы болду. Ал жерден бизди согушка даярдашты. Максим деген пулемотту атасыңар, пулемотчу болосуңар, жөө аскер болуп кызмат өтөйсүңөр деп окутушту. Согушка барганда 8-гвардиялык дивизиянын 27-полкунда байланышчы-телефончу болуп калдым. Телефончунун ишин бир жума ичинде үйрөндүк.

Сооронбай Жусуевдин эл душманынын баласы деп айыпталып, бир нече жыл сүргүндө жүрүп келген бир тууган агасы Аман да согушка чакырылып, Ыраакы Чыгышта жапондорго каршы салгылашат. "Эгер бир нече жыл мурда туулсам, мен да эл душманынын тукуму катары түрмөгө салынып, азап чекмекмин", - дейт карыя фронтовик.

Кыргыз эл акыны С. Жусуев 30дан ашык китептин автору. Ал биринчи ырын 1943-жылы өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүрүп жазат. Гвардиячы жоокердин “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” деген алгачкы ыры ошол кездеги “Советтик Кыргызстан” (кийин “Ала-Тоо”) журналына басылат. 18 жаштагы жоокердин ыры менен кошо жиберген катына журналдын башкы редактору Жоомарт Бөкөнбаев жооп жазат. Ал каттын мазмунун токсон таяп калган акын алиге көкүрөгүндө бекем сактап жүрөт:

- “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” өмүрүмдө жазган биринчи ырым болуп, ошону менен акындык жолум башталды. Кийинки жылы Ж. Бөкөнбаев журналга эки ырымды чыгарды. Анан өзү да 1944-жылы 1-июлда дүйнөдөн өтүп кетти. Мен фронтто жүрдүм ал кезде.

Быйыл Кыргыз Эл Баатыры С. Жусуевдин он бир томдук тандалмалары жарык көрдү. Акындын отуздан ашык китебинин ичинен 14 китеп орус тилинде чыккан. Китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик жана башка тилдерге которулган.

Өмүрү чагыландай кыска, бирок артында бай адабий мурас калтырган Жоомарт Бөкөнбаевдин майданда фашисттер менен салгылашып жүргөн болочок акынга жазган каты сакталбай калган. Сооронбай Жусуевдин акындык шыгына шык, демине дем кошкон Ж. Бөкөнбаевдин каты салынган баштык турган окопко душмандын снаряды тиет. Бул окуя Псков облусундагы Насва деген станцияга жакын жерде болот. "Эгер үзүлгөн телефон зымын улаганы кетпесем, мен да өлмөк экенмин", - дейт Кыргыз Эл акыны колундагы таягы менен жерди так-так эттире уруп.

- Жоомарттын катын буюм салган баштыгыма катып жүрдүм эле. Ал баштыкта анча-мынча колбаса, нан, 2 граната, сүлгү, самын болгон. Насва деген станцияда (Санкт-Петербург-Невель-Киев темир жолунда) элек. Байланыш үзүлүп калды. Мени менен кошо согушкан тагам Осубек Кулуев экөөбүз аны оңдоп келгени кеттик. Тиякка барып, жаныбызга мина түшүп, өлбөй калып, байланышты оңдоп, кайра келсек, күтүлбөгөн окуяны ошондо көрдүк да... Снаряд туура менин окобума келип түшкөн экен. Буюм баштык мындай эле бүркүлүп кетиптир. Жок. Ошондо Жомарттын каты да жоголгон. Болбосо азырга чейин сактап жүрөт элем. А эгер биз байланышты оңдоого кетпесек, мен окопто болсом, менин үстүмө снаряд түшмөк да сөөгүм сөпөт болуп, сөөгүм бүркүлүп кетмек. Ошентип согушта эки жылдан ашык жүрдүк. Эки жолу жарадар болдум.

Акын-жоокер С. Жусуев кызмат өтөгөн аскер бөлүккө фашисттик Германиянын жеңилгени жөнүндөгү кабар Латвиянын Салдус шаарында жаряланат. Жеңиш күнү жөнүндө фронтовик акын 1975-жылы “Жеңишке кеткен жол” деген чыгармасында минтип эскерет.

- Салдус шаарынын үстүнөн жаздын күлүмсүрөгөн күнү жүзүн көрсөттү. Ал 1945-жылдын 9-майы эле! Улуу Совет элинин Улуу жеңишинин күнү эле! 1418 согуш күнүнөн кийинки биринчи жеңиш күнү эле!

Ал күндүн нуру жоону жеңип чыгып, шерденип катарда тизилип турган жоокерлерге нурун чачып, алардын кубанычтуу жүздөрүн ого бетер тамылжытты. Ошол жоокерлердин сабында оң төшүмдө “Гвардия” белгисин, сол төшүмдө “Эрдиги үчүн” медалын, эки ийниме солдат пагонун тагынган, жыйырма жашка жаңы чыккан мен да турган элем.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйылыктын лауреаты Сооронбай Жусуев менен бул маек 2012-жылы май айында жазылган.

XS
SM
MD
LG