Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Экинчи Дүйнөлүк согушта нацисттик Германия жеңилгенине 9-майда 70 жыл толду. Ал арада эки муун толук алмашты. 1945-жылы туулгандар ак сакал карыя жана балпайган байбиче болду.

Ал эми согуштагы алаамат окуялар жана эл башына салган мүшкүл үчүн жоопкерчилик сезими кечээги немис аскерлеринин бала-чакаларында барбы? Алар он миллиондогон адамдарды кара кийгизген канды булоон үчүн өздөрүн жооптуу деп сезишеби?

- Германия үчүн Экинчи Дүйнөлүк согуш сындуу алааматтын экинчи кайталанбаганы аябай маанилүү деп ойлойм, - деди немис изилдөөчүсү, доктор Мартин Хартвиг.

- Согушка катышкан адамдар азыр калбады деле. Бул согушту көрбөгөн эки муун өсүп жетилди. Алар согуш эмнеден башталып, эмне менен бүткөнүн жакшы түшүнөт. Алар согуш үчүн күнөөлүүбүз дегенге катар андай коогалаңдын экинчи ирет кайталанбасы үчүн өздөрүн жооптуу деп санашат.

Берлинде 20 жылдан бери жашаган Асел Темиралиева - Майер да немистер 70 жыл мурда бүткөн согуштун жоопкерчилигин тең бөлүшкөнүн айтты:

Асел Темиралиева-Майер

Асел Темиралиева-Майер

- Немистер согуш үчүн өз жоопкерчилигин сезет деп ойлойм. Анткени акыркы бир жумадан бери ТВда жана прессада уруш жөнүндө көп маалыматтар болууда. Биз жашаган Бранденбург дарбазасынын жанында Советтик танктын эстелиги бар. Ал өткөн коогалаңдуу тарыхты жаш немистердин эсине салып турат. Ал жөнүндө китептер да чыгууда. Ошон үчүн алар уруштун сабагын унутушпайт. Немистер Сириядагы согуштан качып келген бозгундарды кучак жайып тосуп алууда. Алар үчүн үйлөр салынып жатат.

Хартвигдин айтымында, немистерде согушка ким жооптуу деген суроону өздөрүнө берүү үчүн тыныгуу жана коогалаңдуу жылдардан кийин эс тартып жетилген муундун, ошондой эле ал жөнүндө тайманбай айткан жетекчилердин өсүп жетилиши зарыл эле.

- Экинчи Дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин Европанын чыгыш бөлүгүндөгү там-жайларын 10 миллиондон ашуун немис калтырып кеткенге аргасыз болгон. Германияда турак-жайлар аёосуз кыйрагандыктан, элдин согуш үчүн биз күнөөлүүбүз деп ойлогонго чамасы жок болчу. Алар үчүн өлбөй тирүү калуу жана кыйраган өлкөнү калыбына келтирүү баарынан маанилүү эле. 1960-жылдардын башында университеттерде жаңы муун билим ала баштаган кезде: Согуш кантип башталды? Немис тарапта болгон кылмыштарды жасоого кимдин ата-энелери урушка катышты деген суроолор кабыргасынан коюлган.

Ошол 60-жылдардагы элдин согуштагы ордун, согуштун чыгуу себебин саясий жетекчилик тарабынан аныктоодо чоң роль ойноду жана согушка түрдүү өңүттөн кароо башталды. 80-жылдары ФРГнын президенти Рихард фон Вайцзеккер парламентте 8-майга байланыштуу чоң кайрылуу жасады. 8-май - Германиянын багынып берүүсү жөнүндө келишимге кол коюлган күн. Бул кезде Чыгыш Германия советтик убакыт боюнча жашагандыктан, советтик тарыхчылар Жеңиш күнүн 9-май деп айтышат. Немистерде убакытка ылайык 8-май болгондуктан, бул күн Германия үчүн тарыхый күн. Өз кайрылуусунда президент Вайцзеккер 8-майды нацисттик Германия жеңилсе да “Боштондук күнү”, “Немис эли фашизм орноткон адамгерчиликсиз системадан бошонгон күн” деп атады. Ошондон тартып, 8-май немис элине демократиялуу өлкөнү курууга жол берген күн катары каралып келет.

Рихард фон Вайцзеккер баштап кеткен салтты Германиянын азыркы президенти Йоахим Гаук да улантты. Ал быйыл 27-январда Освенцим концлагери бошотулган күнү өлкө парламентинде сүйлөп:

- Мен тирүүмдө маданиятты урматтоого татыктуу немис улуту адамзатка каршы шумдуктуу кылмыштарды жасаганына кыйналып, өкүнө берем,- деди.

Освенцим концлагеринин туткундары.

Освенцим концлагеринин туткундары.

ФРГнын Ички иштер министрлигинин 1967-жылкы отчету боюнча, нацисттер басып алган аймактарда 1630дан көп концлагер болгон. Жөөттөр, сыгандар жана башка элдер, согуш туткундары кармалган "өлүм лагери" деп аталган бул жайлар 1939-42-жылдары курулган. Нацисттер 12 млн. адамды, анын ичинде 6 млн. еврейди жок кылган.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 50 миллиондон 70 миллионго чейин адамдын башын жутса, алардын 80% көбү мурдагы СССРге, Кытайга, Германияга жана Польшага туура келет. Экономикага жана жеке адамдарга келтирилген чыгым миллиарддаган доллардан да чоң сумма менен эсептелет. Батыш Германия өкмөтү согуштан кийин апаатта жабыркаган жеке адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө 75 млрд. доллар төлөгөн.

1941-45-жылдары Бобруйск шаарынын жанында өлгөн 1000 немис аскердин сөөктөрүн кайра көмүү учуру. Беларус. 11-август 2011

1941-45-жылдары Бобруйск шаарынын жанында өлгөн 1000 немис аскердин сөөктөрүн кайра көмүү учуру. Беларус. 11-август 2011

Беларус журналисти Алексей Знаткевичтин айтымында, Германия өкмөтү тарабынан 1941-45-жылдары фашисттик туткунда болгон беларустарга 347 млн. евро компенсация төлөнгөн.

- Нацисттердин концлагерлеринде туткунда, ошондой эле жумушчу күчү катары пайдалануу үчүн күчтөп алынып кеткен беларустарга компенсация 2001-2003-жылдары берилген. Компенсация алуу укугуна 130 миң адам ээ болгон. Анын ичинен 110 миң адам концлагерде туткунда отурган жана 16 миңдейи көзү өтүп кеткен туткундардын бала-чакалары эле. Жалпысынан 347 миллион евро компенсация төлөнгөн. Компенсация үч категория боюнча берилген. 1- топко Освенцим, Бухенвальд, Майданек сыяктуу өлүм лагерлеринде жана нацисттик геттолордо отургандар кирген. Алардын ар бирине 7 500 евро берилген. 2-топко фашисттердин эмгек лагерлеринде жана нацисттердин ишканаларында иштеген адамдар кирген. Аларга 2 500 евродон төлөнгөн. Немис дыйкандардын кол алдында иштеген адамдарга 1500 евродон компенсация төлөнгөн. Акча нацисттердин запкысын көргөн адамдардын өздөрүнө же алардын бала-чакаларына берилген.

Немис илимпозу Мартин Хартвиг согуштун кесепетинен Гитлердик Германия басып алган өлкөлөр түгүл, немис эли да экономикалык талоонго кабылган дейт:

Доктор Мартин Харвиг

Доктор Мартин Харвиг

- 1945-жылы Потсдам конференциясында союздаштар: СССР, АКШ, Улуу Британия, Франция согушта немистер басып алган аймактарга алып келген чыгымды төлөтүү үчүн "Германиянын өнөр жай ишканаларынын бир бөлүгүнүн жабдуулары союздаштарга берилсин" деп сүйлөшкөн. Ага ылайык, болочок ГДРдин аймагындагы темир жолдордун жарымы, өнөр жай ишканаларынын дээрлик төрттөн бири демонтаждалып, 40-жылдардын этегине чейин СССРге жөнөтүлүп турган. Англичандар, француздар жана америкалыктар да адегенде завод-фабрикаларды демонтаж кыла баштаган. Бирок бул Германияда өндүрүштү жок кыларын, жиликтенип-мүчөлөнгөн техниканы кайра курап, продукция чыгаруу өтө татаал жумуш экенине көзү жеткен соң демонтаждоо иштерин токтотушкан. Советтер Союзу өнөр жай ишканаларын жиликтеп-мүчөлөгөндү токтотсо да, ГДРде өндүрүлгөн өнөр жай товарларынын 20% жакынын жүктөп кетип турган. Бул элди жакырдантып, жашоо деңгээлин төмөндөттү. 1953-жылы СССРге жана өлкөнү башкарчу компартияга каршы эл көтөрүлүп, Германиянын биригүүсүн талап кылышты. Анын натыйжасында, СССР өнөр жай продукциялары эсебинен согуш чыгымын компенсациялоо саясатын өзгөрттү.

Доктор Хартвиг Германия мурдагы СССРге эле согушта тарткан чыгымдары үчүн демонтаждалган ишканаларды жана темир жолдорду кошо эсептегенде 100 млрд. немис маркасын, Франция, Британия жана АКШга болжол менен 2 же 3 млрд. марка төлөгөнүн айтат.

М. Хартвигдин үй-бүлөсү да Экинчи Дүйнөлүк согуштун кесепетинен ата-бабаларынан калган там-ташын, жерин поляктарга калтырып кеткен.

Немис аялдар муздак суу менен кир жууп жатышат. Берлин. 3-июль 1945

Немис аялдар муздак суу менен кир жууп жатышат. Берлин. 3-июль 1945

- Менин атам Балтика деңизинин жээгиндеги Данциг шаарында туулган. Бүгүн ал Гданск деп аталып, Польшага карайт. 1945-жылы атам Чыгыш фронтунда жоокер катары согушка катышкан. Атам 1945-жылы америкалыктардын колуна туткунга түшкөн. Ошондуктан, биздин үй-бүлө Данцигде 200 жыл бою жашаган үйлөрүн таштап, бир чемодан менен Германияга кетүүгө аргасыз болгон. Атам өзү үчүн тыянак чыгарып, дайыма айтчу: "Согуш деген согуш. Эгер сен башка өлкөлөрдү кыйрата баштасаң, башкалар келип сенин да там-жайыңды кыйратчу болсо, эч кимге арыздана албайсың. Улутчулдук чоң кыянатчылык, согуш актагыс жамандык, немистер жаңы жашоону курууга мүмкүндүк берилгенине сүйүнүшү керек, болгон нерселер эми кайра келбейт" .

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG