Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Ирактык езиддердин шору


"Ислам мамлекети" тобунун туткунунан бошотулган езиддердин бир тобу. Киркук, 8-август 2015
"Ислам мамлекети" тобунун туткунунан бошотулган езиддердин бир тобу. Киркук, 8-август 2015

Ирактык езиддер 24-сентябрда Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, согушчул топтор езиддерге каршы жүргүзгөн геноцидди жана аялдарды сексуалдык күңгө айлантуусун иликтөөнү суранышты.

“Ислам мамлекети” радикал тобунун зулумдуктарынан улам там-жайсыз калган 400 миңдей езид азыр Ирактын түндүгүндөгү Күрд автономиясында убактылуу конуштарда-лагерлерде күн көрүшүүдө.

Ирактык езиддердин эки уюму Эл аралык кылмыш сотунун төрайымы Фату Бенсудага 24-сентябрда Гаагада кат тапшырышты. Анда:

- “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун езиддерге “каршы жасаган системалуу айбанчылыгын геноцид” деп бааласа болот. Бул кыянаттыктарды Эл аралык кылмыш соту иликтеши керек" деп жазылган.

"Эркин Езид" фонду жана "Язда" уюмунун береги катта ырасташынча, ИМдин согушчандары былтыр июнда Ирактын чоң бөлүгүн басып алгандан бери 700дөн ашуун езид эркекти, оорукчандар менен кары-картаңдарды өлтүргөн. Миңдеген аялдар күңгө айланып, зордукталган, езид балдары үй-бүлөлөрүнөн ажыратылып, күчтөп ислам динине өткөзүлгөн жана желдеттикке алынган.

Бул сыяктуу зордукчул иштер жөнүндө Кирзи Найф аттуу езид карыя 19-январда “Эркин Ирак” радиосуна берген интервьюда да айткан.

- Алар буйругун укпаган адамдардын баарын өлтүрдү. Кудай алдында сөзүм ак: алар адамдарды өлтүрүп, кыздарды жана аялдарды алып кетүүдө. Бир жолу 500 кызды алып кетишти.

Алты ай халифатчылардын колунда туткунда болгон 75 жаштагы Кирзи карыя январда Дохук провинциясындагы качкындар лагеринде жашачу.

ИМдин чеңгелинен бошотулган езид аялдар. Киркук, 8-август 2015
ИМдин чеңгелинен бошотулган езид аялдар. Киркук, 8-август 2015

​"Язда" уюмунун маалымдашынча, согушчандар былтыр августтагы чабуулу кезде 5200дөн көп езидди туткундап кеткен. Алардын 1900гө жакыны туткундан качып чыккан. Калгандарынын тагдыры алиге чейин белгисиз.

ИМ күрт тилдүү езиддерди динбезер каапырлар деп ачык эле жарыялашкан жана Ирак менен Сириядагы кол астындагы аймактарды халифат деп жарыялап, орто кылымдык тартип орноткон.

Былтыртан бери 400 миңден көп езид Ирактын түндүк-батышындагы Синжар жана Ниневия райондорун таштап кеткен. Бул ирактык езиддердин 80%. Алар ушу тапта Күрт автономиясынын аймагындагы лагерлерде жан сакташууда.

Январда Гаага сотунун төрайымы Фату Бенсуда халифатчылар адамдарды топ-тобу менен кырып, аялдарды зордуктап жана кыйнап “акылга сыйгыс кылмыш” жасаганын билдирген. Бирок "Ирак да, Сирия да Эл аралык кылмыш сотуна мүчө болбогондуктан, шойкомдуу окуяларды иликтей албайм", - деген ал. Анткен менен апрель айында Бенсуда айым теориялык жактан алганда Гаага сотуна мүчө өлкөлөрдүн ИМдин катарындагы жарандарынын жеке инсан ирети Гаагада соттолушу мүмкүн экенин каңкуулаган.

Ирактын Күрдистан өкмөтү колдогон езид уюмдарынын кайрылуусунда Эл аралык кылмыш сотун түзүүгө катышкан өлкөлөрдөн жихадчылардын катарында согушуп жүргөн 20 чакты чет элдиктин аты-жөнү көрсөтүлөт. Жалпысынан “Ислам мамлекети” тобунда 5 миңден 7,5 миңге чейин согушчан бар, - деп айтылат катта.

"Язиди" уюмунун мүчөсү Мурад Ысмайылдын сөзүнө караганда, чет элдиктер “Ислам мамлекетинде” чоң роль ойнойт. "Маалымат каражаттарын башкаруу, уюмду каржылоо, желдеттерди машыктыруу, езид аялдарды жана кыздарды секс кызматтарга сатуу алардын жоопкерчилигинде. Сойкулукка сатылган кыздардын арасында алты жаштагылар да бар", - дейт ал.

Экстремисттер езиддер байыртан бери байырлаган Синжар тоосунун чет жактарын басып киргенде езиддерди топ-тобу менен кырган жана аялдарын күчтөп алып кеткен. Ошондо он миңдеген езиддер Синжарды таяна качып, суусуз жана тамак-ашсыз куурашкан. Бул калайманда, езиддердин эсебинче, 3 миңдей адам, анын ичинде аялдар менен кемпир-чалдар жайран болгон. Бүгүнгө чейин Синжар тоосунун тегерегинен езиддер үргүлжүң көмүлгөн 12 көрүстөн табылган.

XS
SM
MD
LG