Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

“Ата Мекен” Асия Сасыкбаеваны министрликке көрсөтөт


Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы мурунку депутат Асия Сасыкбаеваны Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтөт. Бул тууралуу аталган фракция катчылыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сасыкбаеванын талапкерлиги парламенттеги көпчүлүк коалициянын келишимине ылайык көрсөтүлүүдө.

Буга чейин аталган кызматты “Ата Мекен” партиясынын дагы бир мүчөсү Кудайберген Базарбаев ээлеп келген. Ал 11-октябрда кызматынан бошотулган эле. Баш мыйзамды өзгөртүүгө “Ата Мекен” фракциясы каршы чыккандан тарта, ар кыл жетекчилик кызматтагы бул партиянын өкүлдөрү жумуштан бошотулган.

Асия Сасыкбаева “Интербилим” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү. Ал өткөн чакырылыштагы парламентке “Ата Мекен” фракциясынан депутаттыкка шайланып, вице-спикерликти аркалаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG