Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Аскаровдун соту 24-январга жылды


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

10-январдагы жараянда cот июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго акыркы сөз берип, 17-январга чейин кеңешүүгө кеткен.

Аскаров өзү жана анын адвокаттары адилет чечим чыгарып, актап берүүнү, мамлекеттик айыптоо тарап аны кайра өмүр бою абакта калтырууну сураган. Өкүм бүгүн окулары күтүлүп жаткан. Бирок сот аны угузууну 24-январга белгиледи.

Аскаров 2010-жылкы июнь коогасына күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын камалышы мыйзамсыз деген негизде бошотууну талап кылган. Натыйжада Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. Аскаровдун ишин 4-октябрдан тарта Чүй облустук соту карай баштаган эле. (NT)

XS
SM
MD
LG