Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Сауд Арабстан: Йеменди бомбалоо токтоду


Президент Абд Раббу Мансур Хадини колдогон согушкерлер. Йемен, Аден, 21-апрель, 2015-жыл
Президент Абд Раббу Мансур Хадини колдогон согушкерлер. Йемен, Аден, 21-апрель, 2015-жыл

Иран Йемендеги бомбалоо токтогондугу тууралуу кабарга колдоо билдирди. Мунун алдында Сауд Арабстан баштаган коалиция Йемендеги кырдаалды саясий жол менен жөнгө салуу операциясы ишке кирип жаткандыгын айткан.

Ал арада Ирандын Йемендеги шиит козголоңчуларына курал жиберүүсүнө жол бербөө үчүн Кошмо Штаттары аймакка дагы бир согуштук кемесин жиберип жатат.

Сауд Арабстан менен чек аралаш жайгашкан Йеменде былтыртан бери шиит согушкерлери менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда согуш жүрүп келатат. Өткөн айда Йеменге Саудия баштаган 10 сунни өлкөсүнөн турган коалиция сокку ура баштаган.

Согуштук коалициянын маалымат катчысы, генерал Ахмед Ассери Риадда «Чечкиндүү чабуул» деп аталган согуштук операция өзүнүн максатына жетти деп жарыялады.

Иран төрт жумалык өнөктүктүн бүткөндүгүн колдоп чыкты. Жарым-жартылай расмий ИСНА кабар агенттиги билдиргендей, Ирандын Тышкы иштер министрлиги 21-апрелде «убактылуу элдешүүнүн күчүнө кириши жана бейкүнөө, коргоосуз жарандардын өлтүрүлүшүнүн токтошу жылыш болуп саналат» деген билдирүү таркатты.

Мунун алдында Сауд Арабстандын Коргоо министрлиги «согуштук компанияда «Сауд Арабстандын жана анын коңшуларынын коопсуздугуна келтирилген коркунуч жоюлганын, бул козголоңчулар басып алган оор техниканын жана баллистикалык ракеталардын жок кылынышы менен» жетишилгенин билдирген.

Коалициянын пресс-катчысы Ассери эми Йемендеги кырдаалды саясий жол менен жөнгө салып, карапайым тургундарды коргоо жана чукул жардам аракеттерин колдоо максатын көздөгөн «Үмүттү калыбына келтирүү» деп аталган жаңы операция күчүнө кирип жаткандыгын бышыктады.

Ошол эле убакта Ассери хуси согушкерлеринин Йемендин аймагында кайра тоз-тополоң салышына жол бербөө аракеттери улана берээрин эскертти. Йеменди деңизден блокадалоо да улана турган болууда.

Йемен үчүн деңиз жолдору чоң мааниге ээ, анткени чек аралардын басымдуу бөлүгү дал ушул деңиз менен чектелип турат.

Шииттердин хуси козголоңчулары Йемендин баш калаасы Сананы январь айында басып алышканда, президент Абд Раббу Мансур Хади түштүктөгү Аден портуна качкан эле.

Өткөн айда экс-президент Али Абдулла Салех колдогон армия бөлүктөрүнүн жардамы менен шииттердин хуси согушкерлери Аденге кирип келгенде, мамлекет башчысы өлкөдөн чыгып кеткен.

Сунни мусулмандары башкарган Сауд Арабстан жана башка өлкөлөр хусилерди колдойт деп Иранды күнөөлөшүүдө. Бирок Иран йемендик шиит согушкерлери менен ишибиз жок деп келет.

Хуси согушкерлеринин кол башчыларынын бири 21-апрелде Йемендеги согушту токтотуу боюнча саясий аракеттерде жылыш бар экендигин бышыктады.

"Ройтерс" агенттигине сүйлөгөн сөзүндө Абдел Малек ал-Ижри «саясий келишимге кол коюлгандан кийин элдешүү боюнча макулдашуу болот» деп күтүп жатышканын маалымдады.

Ал арада Вашингтондо Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест учак ташуучу бир кеме Йемендин жээк тарабын көздөй бараткандыгын ырастады:

- Бул операциянын максаты Аден булуңундагы жана Кызыл деңиздеги кеме, анын ичинде соода кыймылынын эркиндигин камсыздоо.

Эрнест ошондой эле эгер хусилерге ирандыктардан курал жиберилсе, бул Бириккен улуттардын уюмунун Коопсуздук кеңешинин эмбаргосун бузгандык болоорун кошумчалады.

АКШнын деңиз күчтөрүнүн 22-апрелдеги маалыматына караганда, учак ташуучу Теодор Рузвельт кемеси бул аймакта турган америкалык тогуз согуш кемесинин катарын толуктайт. Бул кемелер хуси согушкерлерине Ирандан деңиз аркылуу курал жиберишине жол бербөө үчүн жиберилген эле.

XS
SM
MD
LG