Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Йемен: Салех өлкөдөн чыгып кеткенине каршылаштары курсант


Йемендеги бийликтин каршылаштары президент Салехтин өлкөдөн чыгып кеткенин белгилөөгө чогулду, Санаадагы Тахир-Санаа аянты, 5-июль.
Йемендеги бийликтин каршылаштары президент Салехтин өлкөдөн чыгып кеткенин белгилөөгө чогулду, Санаадагы Тахир-Санаа аянты, 5-июль.

Йемен бийлигине каршы тараптар Санаа шаарында президент Салехтин өлкөдөн чыгып кетишин майрамдашты.

3-июнда Йемен бийлигине каршы күчтөр хансарайга ракеталык сокку уруп, анда президент Али Абдулла Салех жарат алган. 4-июнда ал жаратын айыктыруу үчүн Эл-Риадга жол тартканы кабарланган. Бийликтин каршылаштары муну дароо эле жакшылыкка жоруп, Санаа шаарынын борбордук аянтына майрам уюштурушту.

Мындай маанайды коштогон жергиликтүү тургундардын бири Рейтер агенттигине буларды айтты:

- Апаат болуп атат. Анын кетип атканына мен өзүмдү бактылуу сезип атам. Ал Таизди каршылаштырып койду, ошон үчүн кетип атаn. Ал – киши өлтүргүч, ошон үчүн жазасын алып атат. Анын кеткени өлкөгө жакшы болот.

Мындай массалык чыгуулар бул күнү Таиз жана Аден шаарларында демонстранттардын каршылашуусу менен коштолгондугу, атышууларда бир нече киши жан таслим болгону кабарланды.

Айрым маалыматтарга караганда Йемен президенти менен Эл-Риядга үй-бүлөсүнүн 30дан ашык мүчөсү, парламент төрагасы, премьер-министр кошо кеткен. Ал эми Санаада уулу Ахмад менен эки жээни коопсуздукту көзөмөлдөп жатышат. Президент бир нече күндө кайра кызмат ордуна кайтып келет деген божомол бар.

Рейтер агенттиги болсо Салехке операция жасалып, төшүнөн снаряддын сыныгы чыгарылганын жазды. Marib Press агенттигинин жекшембидеги кабарына караганда, Йемен президентинин ахыбалы оор.

Би-Би-Си Салехтин өлкөдөн чыгып кетиши анын таасирин азайтып, жарандык согушка жакындатып койду деди. Салех башкы командачылык милдетти убактылуу вице-президент Абд-Раббу Мансур Хадиге жүктөгөн.

Аны менен Салех Эл-Риядга кеткен күнү эле АКШ президенти Барак Обаманын терроризмге каршы күрөшүү иштери боюнча жардамчысы жолугушканы кабарланды. Ал эми Британиянын Тышкы иштер министри Уильям Хейг Йемендеги акыркы окуяларга тынчсызданып, Салехти тынчтык сүйлөшүүгө чакырды. Убактылуу командачы жекшемби күнү командачылыктын өкүлдөрү жана Салехтин уулу менен жолугаары да маалымдалды.

Салехтин Йеменди башкарганына 30 жылдан ашты. Акыркы мезгилдери өлкөдө ар түрдүү топтор, алардын ичинде уруучул козголоңчулар ортосунда карама-каршылык күчөп жатат. Айрым аймактар Салехтин көзөмөлүнөн чыгып кеткени кабарланууда. Мындай толкундоолорго калктын жардылыгы биринчи кезекте түрткү болуп жатканы айтылып келатат. Калктын 40 пайызы күнүнө эки доллардан азыраак киреше табат жана араб дүйнөсүндөгү эн жарды өлкөлөрдүн катарында саналат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG