Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Дооталиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу арызы УКМКга жолдонду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Замирбек Жоошевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Дооталиеванын фейсбукта элди бөлүп-жарган, ал эми кырсыктан өлгөндөрдү мазактаган сөздөрү катуу талкууга түшүп, соцтармак колдонуучуларынын жатташып бөлүнүүсүнө алып келүүдө:

-Бул аял пикирин бир кишиге айткан жок, коомчулукка алып чыкты. Туура эмес пикири менен элдин каарын көтөрдү. Мен четте туралган жокмун, бирок Фейсбукта ачуу сөзүмдү айтпай, жарандык укугумдан пайдаланып, Дооталиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуусун өтүнүп, УКМКга кайрылдым.

Жоошев арызына Дооталиеванын фейсбуктагы авиакырсыкта набыт кеткендерди мазактап жазган билдирүүсүн, ага башка жарандардын комментарийлерин кошо тиркеген.

Бул арыз боюнча азырынча УКМК эч кандай маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү териштирилерин 17-январда маалымдаган. Коопсуздук кызматы анын жазган пикириндеги аймактар аралык жана улуттар аралык кастыкты козутуу мүнөзүн аныктоо атайын экспертизада такталарын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG