Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 12:51

Илим, билим берүү, IT

Чехия: Курама темир курч болот

Чехиядагы улуттук азчылыктардын абалы кандай?

Текст көлөмү - +
24.01.2012
Чех жумуриятында улуттук азчылыктар кырылып, депортацияланган оор мезгилдер өткөн. Бирок бүгүн улуттук азчылыктарды коргоо жана жаштарды сабырдуулукка тарбиялоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү. Мындай саясат вьетнам улутундагылардын турмушуна кандай таасир тийгизип жатканын алардын жаңы жылдык майрамында Жаңыл Жусупжан байкоо салып келди.
Январь 2012
24 Январь 2012

Видео тасма Курама темир кантип курчуйт?

Кыргызстанда ашынган улутчулдар башка улуттарды эмнеге кыргызча ырдабайсыңар деп жекирген учурлар кездешет. Чехиядагы улуттук азчылыктардын абалы кандай?

21 Январь 2012

Иран: кыздар менен балдар эки башка китеп окуйт

Ирандын Билим берүү министрлиги мындан ары окуу китептери кыздар менен балдар үчүн өзүнчө басып чыгарыларын жарыялады.

20 Январь 2012

Талашта - Америкалык университеттин имараты

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Борбор Азиядагы Америкалык университет имарат үчүн ижара акысын төлөбөй жатат деп билдирүүдө. Бирок университет жетекчилиги учурунда кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, окуу жай мындай төлөмдөн бошотулганын жана бул келишим дагы эле күчүндө деген жүйөнү карманып турушат. Ал арада өкмөт талаштын чоо-жайын аныктап жатат.

18 Январь 2012

Wikipedia АКШда сунуш кылынган мыйзамга нааразы

Интернеттеги энциклопедия – “Википедия” өзүнүн англис тилиндеги сайтын жыйырма төрт саатка жапты. Муну менен ал АКШда сунуш кылынган мыйзамга каршылык билдирүүдө.

16 Январь 2012

Садыков: Паракор мугалим үчүн ректор жооп берет

Жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн чоо-жайы тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков кеп салат.

14 Январь 2012

Сүрөт баян Сулайман-Тоо ЮНЕСКО тизмесинен чыгып калабы?

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучунда калды.

13 Январь 2012

Карыпбеков: Тилди мажбурлап үйрөтүүдөн майнап чыкпайт

Эксперт Илим Карыпбеков Жогорку Кеңеште кыргыз тилине байланыштуу чыккан маселелер боюнча маек курду.

12 Январь 2012

Ирандык илимпоз жардыруудан мерт болду

Тегерандагы жардыруудан Ирандын дагы бир физик-илимпозу мерт болду. Бийликтер окумуштуунун өлүмү өлкөнүн өзөктүк программасын токтотпостон кайра алдыга жылдырарын билдирүүдө. Окуя Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча эл аралык чыңалуу күчөп турган учурга туш келди.

09 Январь 2012

"Биздин замандын артыкбаш адамы"

Орусияда Муса Мураталиевдин «Бурхан жана Мария» китеби жарык көрдү. Китептеги эки романда миграция, тарых, дин, өзгөргөн замандагы адамдар ортосундагы алака, анын ичинде жалгыздык темасы бир каармандын тагдыры аркылуу жаңыча чагылдырылат.

06 Январь 2012

Илимде уурулукка бөгөт коюу программасы камдалды

Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Алтай Бөрүбаев илимий иштердеги плагиат тууралуу маек курду.

Көп тил билүү кыйынбы?

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу көп тил билүү өнөрүнө арналды.

Январь 2012

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive