Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:15

Дин

АКШ: ИСЛАМ ДҮЙНӨСҮНӨ КАРАТА САЯСАТ ТУУРАЛУУ КУЛАК КАГЫШ

Текст көлөмү - +
28.09.2008
Эдил Сапарбек, Прага

“АКШ-Мусулман кол сунушуу долбоору” деп аталган топ өткөн шаршембиде (24-сентябрда) атайын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялады. Алар АКШнын мусулман дүйнөсүндөгү жаңы стратегиялык саясаты аркылуу ислам тонун жамынган экстремист жоочуларга бөгөт коюп, байистүү мусулмандарды колдоо аркылуу АКШнын коопсуздугун камсыз кылууга жетишүү мүмкүндүгү тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн. Деги, бул иликтөө кандай жыйынтык берди экен?
Сентябрь 2008
27 Сентябрь 2008

Жоолукчан кыздардын окуу жай жетекчилигине даттануусу көбөйдү

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

Кыргызстанда жоолук салынып, хиджаб кийген айрым кыз-келиндер окуу жайларда дин тутуу эркиндиги чектелип жатат деп нааразыланышууда. Өлкө бийлиги болсо бул айыптарды четке кагып, мектеп, университеттер ички уставына жана мамлекеттеги мыйзамга жараша иш алып барып жатканын тастыктап келет.

25 Сентябрь 2008

ДИН: АЛА-ТООДО ИШЕНИМ ЭРКИНДИГИ ЧЕКТЕЛЕБИ?

Кечээ “Ак жол” партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясы “Динге ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жабык талкуулап, кошумча иштөөгө кайтарды. Кыргызстандагы диний уюмдарды каттоого алууну иретке келтирүү долбоордогу башкы өзгөчөлүк катары каралууда. Көз карандысыз байкоочулар болсо долбоордон мамлекеттин динди көзөмөлдөө аракетин көрүп жатышат.

20 Сентябрь 2008

АКШ: БОРБОРДУК АЗИЯДА ДИНИЙ ИШЕНИМ ЭРКИНДИГИНИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ САНААРКАТАТ

Кечээ (жума күнү) АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү диний ишеним эркиндигинин сакталышынын жагдайына арналган жылдык баяндамасын жарыялады. Баяндамада Борбордук Азиядагы соңку кырдаал да таразаланат. Жалпысынан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу секулярдык мамлекеттерде диний ишеним эркиндигине карата салттык урматтоо бардыгына карабастан, айрым жаңы мыйзамдык долбоорлор же өзгөртүүлөр диний ишеним укуктарын чектөөгө багытталгандыгы санааркоо менен белгиленген. Өзбекстанда болсо көптөгөн диний жамааттардын расмий макам алышына мыйзамдык чектөөлөр аркылуу орчун тоскоол түзүлүп келгендиги айтылган.

АЙТ МАЙРАМДАРЫН АЗА-КАЙГЫ КҮНҮНӨ АЙЛАНДЫРБАШ КЕРЕК

Маектешкен Кожогелди Култегин, Бишкек

Дин багытындагы “Азаттыктын”кезектеги тегерек үстөл талкуусу Исламдагы эки маанилүү майрамды - айт күндөрүн туура майрамдоо маселесине арналды. “Азаттык” үналгысы уюштурган талкууга Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева, “Акыл-эс, рух жана ыйман” коомунун президенти Дүйшөнбек-ажы Абдылдаев катышты.

КЫРГЫЗСТАНДА ДИН ТУТУУ ЭРКИН

Талкууну уюштурган Аманбек Жапаров, Бишкек

Жума аягында АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Эркиндик -2008” деген аталыштагы жыл сайын чыгуучу басылмасында диний ишенимдердин эркиндиги кайсы өлкөлөрдө канчалык деңгээлде экендиги иликтенип, кеңири маалымдама берилген. “Азаттыктын” таңкы түз маегиндеги талкуунун катышуучулары Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Мурзахаилов, Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын басма сөз катчысы Асан ажы, машаякчы Жаныбек Жанызак Кыргызстандагы диний эркиндиктин абалы тууралуу аңгеме-дүкөн курушту.

15 Сентябрь 2008

ТАЖИК ИМАМЫ: КООМ ИСЛАМДАШЫП КЕТЕТ ДЕП КОРКПОГУЛА!

Тажикстанда кыздар кыйын-кыстоо абалда калышты:алар көп учурда мектепти же хижабды тандап алганга аргасыз болууда. Агартуу министрлигинин демилгеси боюнча былтыр билим берүү мекемелеринде селде чалынып же хижаб салынып жүргөнгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Коомдогу исламдашуу процессин ооздуктоо максатында жасалган бул кадам тетири натыйжасын бере баштады.

Сентябрь 2008

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive