Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Жаңылыктар / Алатоо жаңылыктары

Бишкекте “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү обого чыкпай калды 

Бүгүн кечинде саат 9да “Манас жаңырыгы” телекомпаниясынан көрсөтүлөөрү белгиленген “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкек шаарында обого чыкпай калды.

Шеригибиз “Манас жаңырыгы” телекомпаниясынын жетекчи өкүлүнүн айтымында, бүгүн Кыргыз бийлигинен келген расмий кызматкер “Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүн мындан ары обого чыгарбагыла деп талап кылган. Ушул тапта обого таптакыр башка берүү чыгууда.

Азырынча Кыргыз өкмөтүнөн бул окуя тууралуу расмий комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бишкек шаарында обого чыкпай калган бул сыналгы берүүнү толугу менен биздин интернет барагыбыздан көрө аласыздар. Алдыдагы күндөрү Бишкектеги шеригибиз “Азаттыктын” апталык сыналгы берүүлөрүн кайра көрсөтө баштайт деп үмүт кылып туралы.

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсү 2005-жылы май айынан бери Кыргыз улуттук телерадио корпорациясы тарабынан обого чыгарылып келип, 2008-жылдын 1-октябрында УТРК тарабынан бир тараптуу токтотулуп салынган болчу.

Текст көлөмү - +

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)