Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Жаңылыктар / Алатоо жаңылыктары

Кыргызстанда “Fergana.ru” сайты ачылбай калды 

Бүгүн эртең мененден тарта Кыргызстанда аймактык “Фергана.ру” маалымат агенттигинин интернет барагы ачылбай калды. Агенттиктин Бишкектеги өкүлчүлүгү муну провайдерлер тарабынан атайын тоскоолдуктар жасалышы менен байланыштырат. Агенттик кечээ кыргыз президентинин уулу, Борбордук өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү деп жоромолдонгон, учурда Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан “MGN Group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревичти Италия соту камакка алуу чечимин чыгарышы тууралуу макала жарыялаган эле. Анда Гуревич Италияда көз бойомочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен топко көмөктөш болгон деп шектелгени тууралуу сөз болгон. Агенттик өз сайты тоскоолдукка кабылышынын себебин дал ушул макаладан көрөт.

Аталган маалымат агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришкенге караганда, “Fergana.ru” сайты Өзбекстан менен Түркмөнстанда такай, Казакстанда кез-кезде, саясий кырдаал курчуган учурларда ушундай тоскоолдуктарга кабылып келет. Кыргызстанда болсо мындай тоскоолдук биринчи жолу жасалууда. (SM)

Текст көлөмү - +

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)