Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Транзиттик борборго мамлекеттик ишкана май ташый баштайт


"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, бүгүн “Манас” аэропортунда мамлекеттик күйүүчү май куюучу комплекс ачылды. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Бул комплекс кийинки жылдын февраль айынан тарта АКШнын “Манас” жүк ташуучу транзиттик борборуна күйүүчү майдын 50 пайызын ташый баштайт. Ушул тапта борборду “Мина Корпорэйшн” компаниясы күйүүчү май менен камсыздайт. Пентагон ноябрдын башында "Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камыздоону Гибралтарда катталган “Мина Корп” компаниясына берген. Президент Роза Отунбаева АКШнын Коргоо министрлигинин “Мина Корп” ишканасы менен кайрадан келишим түзүшүн сынга алган. Президент соңку беш жыл аралыгында аталган ишкана бир катар мыйзам бузууларга, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин пайдасына паракорчулукка жол бергенин билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG