Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтүп жатат


Элчиликтин алдына жергиликтүү укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү болуп 20га жакын адам чогулду. Алар 19-декабрда Беларуста өткөн президенттик шайлоодон кийин орун алган массалык камоолорду, сабоолорду токтотууну жана камалгандарды бошотууну талап кылып жатышат. Акциянын уюштуруучулары ушуга байланыштуу катты элчиликтин өкүлүнө тапшырышты. Ал өз кезегинде кат бийликке жеткириле турганын убады кылды. Жергиликтүү укук коргоочулар беларус кесиптеши, “Весна” укук коргоо борборунун жетекчиси Александр Беляцкийди азаттыкка чыгарууну талап кылышууда. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, акция эртең да уланмакчы. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG