Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Жаштар бийликке тартылбаганына нааразылыгын билдиришти


Жаштардын арасындагы демилгечи топ бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, жаңы түзүлгөн өкмөттө жаштардын өкүлдөрү дээрлик жок экенине нааразылыгын билдиришти. 7-апрелден кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жаштардын санын көбөйтүү, ролун жогорулатуу максатында Убактылуу өкмөт атайын программа кабыл алган. Бул программага 16 млн. сомдон ашуун каражат сарпталып, 1700дөн ашуун бала атайын окуудан өткөн. Бүгүн маалымат жыйынга чогулган жаштар ошол окуп бүткөндөрдүн болгону 1 пайызы гана жумушка тартылганын айтышууда. Ушундай мазмундагы кайрылуу президент Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго жолдонду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG