Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Тоңдук мугалимдер иш таштоосун улантат


Бул туурасында Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин мугалими Лиля Сопиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү иш таштоого айылдагы үч мектептин мугалимдерине Тоң районундагы айрым айылдардын мугалимдери келип кошулаары күтүлүүдө. Кечээ 10-январда Тоң районундагы Жоомарт Бөкөнбаев, Алтымышбаев атындагы жана Шамей орто мектептеринин мугалимдери айлык акыны көтөрүү боюнча бир ай мурда коюлган талаптары аткарылбаганы үчүн иш ташташкан. Райондук акимчиликтин алдына кеминде жүзгө чамалуу мугалим чогулганы кабарланган. Айлык акы 1-январдан эмес, 1-февралдан тартып 30% көтөрүлөт деген маалымат мугалимдердин нааразылыгын дагы күчөткөн. Мындан сырткары мугалимдер кымбатчылык учурунда 30% кошумча өтө эле аз деп эсептешүүдө.

2010-жылы 1-декабрдан тартып Базар-Коргондогу мугалимдер айлык акыны 10 миң сомго көтөрүү талабы менен акцияга чыгышкан. Андан кийин өлкөнүн бир катар аймактарында бул талапты колдогон иш-чаралар өткөн. Өкмөттө мугалимдердин нааразылыгы эске алынып, 1-январдан тартып алардын айлык акысын 30%га көтөрүү чечими кабыл алынган эле (KKs)

XS
SM
MD
LG