Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

“Ата Мекен” партиясынын Ысык-Көлдөгү өкүлүнө кол салынды


“Ата Мекен” партиясынын Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда жашаган активдүү мүчөсүнө кол салуу болду. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү, депутат Эркинбек Алымбеков парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Ата Мекен” партиясынын аял мүчөсүнө белгисиз сегиз адам кол салып, катуу токмоктоп качып кетишкен. “Бул саясий себептер менен жасалдыбы, же башкабы билбейбиз. Ички иштер министри муну өз көзөмөлүнө алуусу керек”,- деди ал. (IJz)

XS
SM
MD
LG