Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

БШК: Люстрация боюнча референдум өтпөйт


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынга чогулуп “Люстрация тууралуу” мыйзам долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү сунушун четке какты. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов билдирди. Анын айтымында, мыйзам эрежелерине ылайык, “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамды иштеп чыккан топтон мындай демилгени жактагандардын колу коюлган жыйынтыктоочу документ келип түшкөн эмес. Ошондуктан бул демилгенин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу БШК "Люстрация тууралуу" мыйзам боюнча референдум өткөрүү сунушун канааттандырган жок.

Буга чейин “Люстрация тууралуу” үч мыйзам долбоор бар экени кабарланган. Бирөө президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиевге, экинчиси “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахмановго, үчүнчүсү “Люстрация” кыймылына таандык болчу.

Кыргызстанда “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамдын зарылдыгы апрель окуяларынан бери эле байма-бай айтылып, а түгүл кол топтоо сыяктуу айрым аракеттер башталган. Бул мурунку бийликтердин тушунда таза эмес иштеген адамдарды саясатка, бийликке аралаштырбоонун бирден-бир чарасы катары кабыл алынып жаткан эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG