Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Майлы-Суунун прокурору иштен алынды


Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов "Азаттыкка" аталган облустагы Майлы-Суу шаарынын прокурору Мирлан Кожакматов кызматындагы калпыстыктарга байланыштуу иштен алынганын билдирди. Анын айтымында, мындай чечим Башкы прокуратуранын жамааттык жыйынында кабыл алынды.

Майлы-Сууда 6-февралда жергиликтүү тургундар кылмыштуулукка каршы дагы нааразылык акцияга чыгышкан. Анда аталган шаарда кылмыштын бети ачылбай жатканына байланыштуу Майлы-Суунун прокурорун, милиция башчысын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлерин кызматтан алуу тууралуу талаптар айтылган. Буга чейин Майлы-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси да иштен кетирилген эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG