Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Бишкекте “Кумтөр” боюнча нааразылык акция башталды


Учурда Бишкек шаарындагы "Учкун" концернинин алдында “Кумтөр” боюнча келишимди кайра түзүүнү талап кылган демилгелүү топ нааразылык акцияга чогулуп жатат. Бул тууралуу акцияны уюштуруучулардын бири, “Эл ырыскысы - элге” коомдук уюмунун лидери Жекшенбек Шамыралиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алтын кенден Кыргызстан пайда көрбөй жатат деген жүйөө менен “Кумтөр” боюнча учурдагы келишимди токтотуп, жаңы келишим түзүү талабын демилгелүү топ өткөн жылдын этегинде өлкө бийликтерине жөнөткөн. Бирок азыркыга чейин жооп жок. “Эгер талап аткарылбаса, март айынан тарта өлкөдөгү тоо-кен байлыктарын коргоо боюнча олуттуу акция башталат”, - дейт Шамыралиев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Кумтөр алтын кени боюнча акыркы макулдашууну кайра кароого жүйөө жок деп билдирген болчу.

Кыргызстан “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Центтера” компаниясынын отуз үч пайыз акциясына ээлик кылат. (EBM)

XS
SM
MD
LG