Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Сокулуктагы Орок айыл өкмөт башчысынын үйүндө жардыруу болду


Чүйдөгү Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Дүйшөналиевдин Жал айылындагы үйүнүн короосунда кечээ (15-февраль) кечки саат 10дорго чукул жардыруу болду. Жардыруудан эч ким жабыркаган жок. Дүйшөналиев “Азаттыкка” бул жардырууга айыл өкмөттүн мурунку жетекчилигинин тиешеси болушу мүмкүн экенин, анткени буга чейин анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтты. “Айыл өкмөттүн мурунку жетекчилигинин тушунда Жал айылында 27 гектар жер мыйзамсыз сатылып кеткен, азыр ал жерди кайра алуу боюнча иштер жүрүп жаткан”, - дейт Дүйшөналиев.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Рахматулло Ахмедов “Азаттыкка” бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө иштери башталды деп билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG