Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

“7-апрель” кыймылы - Беларуска: Бакиевди бергиле


“7-апрель” кыймылынын жана бир катар жарандык коомдун он чакты мүчөсү бүгүн Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына митингге чыгып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга өткөрүлүп берилишин талап кылышты. Кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, Бакиев өткөрүлүп берилбесе, алар Беларустун Бишкектеги элчилигинин дипломатиялык иш-аракетин токтотуу демилгесин көтөрүп чыгышат. Маалыматка ылайык, элчиликтин өкүлдөрү келе жаткан аптада митингге чыккандардын жүйөлөрүн уга турган болду.

Апрель окуясынан кийин бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиев 15-апрелде Кыргызстандан кошуна Казакстанга чыгарылып кеткен эле. 19-апрелде Беларус президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Минскке келгенин кабарлаган. Бул иш Казакстан, Орусия, АКШ президенттеринин жана эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен жүзөгө ашканы айтылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG