Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

MegaCom компаниясын бүгүн А.Силич баштаган жетекчилик ээледи


MegaCom маркасы менен таанымал “Альфа Телеком” компаниясынын баш кеңсесин Каржы полициясы кылмыш ишин козгогон Андрей Силич баштаган адамдар бүгүн ээлеп, компаниянын өкмөт дайындаган тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиевдин адамдарын кеңсеге киргизбей коюшту. Бул тууралуу “Азаттыкка” компания жетекчисинин юридикалык маселелер боюнча орун басары Илим Карыпбеков билдирди.

Ал арада “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, компаниянын алдында А.Силичти колдогон MegaComдун кызматкерлери акция өткөрүшүүдө. Алар А.Силичти колдоо боюнча кол топтоп, президент Роза Отунбаевага жиберүүнү көздөшүүдө.

14-мартта Башкы прокуратура “Альфа Телеком” боюнча Каржы полициясы козгогон кылмыш ишин “бул жерде кылмыштын негиздери жок” деген жүйө менен токтотуп, А.Силич баштаган жетекчилик ошол чечимди көтөрүп, кечээ “Альфа Телекомдун” кеңсесине жан сакчалары менен келген. Ал арада Каржы полициясы А.Силич баштаган адамдарга карата козголгон кылмыш иши туура болгонун айтууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG