Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Исаковдун Улуттук комиссия төрагасынын үстүнөн жазган арызы каралды


Депутат Исмаил Исаковдун июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айткандарына байланыштуу доо арызы бүгүн Бишкектеги Свердлов райондук сотунда каралды. Исаков Эркебаевдин комиссиянын жыйынтыгы боюнча “Дело№” гезитине берген маеги негизсиз экендигин айтууда. Эркебаев бул маегинде Исаков июнь окуяларында Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү атайын өкүлү жана коргоо министри катары техникалардын тартылып алынышына жана аскерлердин тартибине жооп бериши керектигин белгилеген экен.

Бул ишти карап жаткан судья Эркебаевдин гезитке айткан сөздөрүнө лингвистикалык текшерүү жүргүзүү керек деген чечимге келди. Мындан улам сот иши 23-мартка жылдырылды. Абдыганы Эркебаев болсо, гезитке комиссиянын корутундусуна ылайык гана маалымат берилгенин билдирүүдө.

Өткөн жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган окуялардын себеп, кесепттерин иликтеген Улуттук комиссия ушул жылдын 11-январында өз жыйынтыгын чыгарып, анда бир катар бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн кандуу кагылышууну алдын албаганын сындаган болчу. Анын ичинде убактылуу өкмөттөгү күч түзүмдөрүнүн мурдагы куратору Азимбек Бекназаровдун, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жана мурдагы ички иштер министри Болот Шердин аракеттерине саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн эле.

Комиссиянын мындай жыйынтыгына макул болбогон Исмаил Исаков 17-январда Улуттук комиссиянын “күч түзүмдөрү июнь каргашасын алдын алууда тиешелүү чараларды көргөн эмес” деген бүтүмүн негизсиз деп атап, комиссияны сотко берерин жар салган. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG