Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Апрель окуясы боюнча сот 23-мартта уланат


Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу Жаза өтөө департаментинин залында башталган соттук териштирүү 23-мартта улана турган болду. Бүгүнкү соттук иштин жүрүшүндө Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылган соттук курам ишти кайра башынан карады. Айыпталуучулардын кимине кандай айыптар коюлганы тактоого алынды. Апрель окуясына “Матрешка гейт” окуясы жана “Түндүкэлетр” ачык акционердик коомунун мыйзамсыз сатылышы боюнча иштер да кошулуп карала турган болду.

Соттун жүрүшүндө жабырлануучулардын жактоочулары соттолуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу өтүнүчүн сотко билдиришти. Сот бул өтүнүчтөрдү канааттандырган жок. Жабырлануучулар бул чечимге макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыла тургандыктарын белгилешти.

Бүгүнкү соттун жүрүшүн 300дөн 500гө чейин Жаза өтөө департаментинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартипти көзөмөлгө алышты. Айыпталуучулардын ичинен издөөдө жүргөндөрдөн башкаларынын баары эле катышты. Сотко жалпысынан 200дөн ашык адам катышты.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 чиновникке жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги спорт сарайында жүрүп, 30-ноябрдын таңында спорт сарайдын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG