Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

7-апрель боюнча сотто жабырлануучулар нааразылыгын билдиришти


Бүгүн 7-апрелдеги окуя боюнча соттук териштирүү уланып жатат. Сот жараянына байкоо салып жаткан кабарчыбыздын билдиришинче, процесс маалында судья жабырлануучулардын тизмесин окуп, үч эле кишинин фамилиясын атаганга сот залында отурган отуз чакты жабырлануучу нааразылыгын билдиришти. Азыр алар жаңы тизме түзүп жатышат.

Апрель окуялары боюнча сот процесси 18-мартта жанданган. Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги Спорт ордосунда жүрүп, 30-ноябрдын таңында ордонун жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG