Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Михаил Надель сыртынан 16 жылга эркинен ажыратылды


Бишкек шаардык Ленин райондук соту "Азия Универсал" банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Михаил Наделди күнөөлүү деп таап, аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен бирге 16 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бакытбек Рысалиев билдирди. Бул ишти Ленин райондук сотунун судьясы А.Сариев карап, айыпталуучу өлкө чегинен тышта жүргөндүктөн сыртынан соттолгон. Райондук соттун аныктамасына ылайык, М.Надель 2010-жылдын 2-апрелинен 7-апрелине чейин ар кыл чет өлкөлүк банктарга 22 миллиард 10 миллион сом которгонго үлгүрүп, андан тышкары 12,5 миллион сом салык төлөбөй кеткен.

Издөө жарыяланып, чет өлкөлөрдүн биринде качып жүргөн М.Надель болсо «КырТАГ» агенттиги менен телефон аркылуу байланышып, Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын, бул жаатта анын Бишкектеги өкүлү аракетин баштаганын билдирген. М.Надель өзүнүн аракетинде кылмыштын негиздери жоктугун, каражаттарды «АУБдан» чет өлкөлөргө мыйзамдуу негизде чыгарып кеткенин айтууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG